Жалал-Абаддагы түнкү клубда тургунга сегиз жолу бычак сайган киши кармалды

Жалал-Абад шаарындагы Brosco ресто-барында тургунду сегиз жолу бычак сайган киши кармалды. Бул тууралуу «Клоопко» 8-сентябрда облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылы 7-сентябрга караган түнү саат 01:40та Brosco ресто-барынын алдында 35 жаштагы тургунду өзүнө бейтааныш 18-20 жаштардагы жигит сегиз жолу бычак сайып, денесине жараат келтирген.

Жабырлануучу алган жараатынан улам Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. 

Бул факт боюнча Жалал-Абад ШИИБ тарабынан «Адам өлтүрүүгө аракеттенүү» беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында, кылмышка шектүү катары Сузак районунун Таш-Булак айылынын 19 жаштагы тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

8-сентябрга карата жабырлануучунун абалы орто экени маалымдалды.

Соцтармактарда кылмыш катталган эс алуучу жай УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурас Ташиевге тиешелүү экени айтылууда.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Министрликтин кызматкери». Бишкекте түнкү клубдун жанында ок чыгарган киши кармалды

Ош: Sky Bar түнкү клубунда мушташка катышкан бажы кызматкерлери иштен алынат