Эки кыргызстандык Грузияда чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө шектелип кармалганы айтылууда

Грузиянын Батуми шаарында чек араны мыйзамсыз кесип өткөн кыргызстандык эки жаран кармалды. Бул тууралуу 16-сентярбда аталган өлкөнүн Чек ара полициясы билдирди.

Маалыматка караганда, колго түшкөн 35 жана 36 жаштагы эки жаран Грузияга Түркиядан келген жүк ташуучу унаага жашынып кирген. Учурда алар камакка алынды.

Билдирүүдө мамлекеттик «чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө» айыпталгандар 4 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратылары айтылат.

Бул боюнча Тышкы иштер министрлигинен жана Кыргызстандын Грузиядагы элчилигинен маалымат алууга мүмкүн болгон жок.