Футбол: Бекназ Алмазбеков «Галатасарай» клубу менен профессионалдык келишим түздү

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын чабуулчусу Бекназ Алмазбеков Түркиянын «Галатасарай» клубу менен профессионалдык келишим түздү.

Контракт 2025-2026-сезонунун аягына чейин каралганы кабарланды.

Бекназ Алмазбеков «Галатасарай» менен келишимге кол коюп жатат. Сүрөт: «Галатасарай» футбол клубу.

18 жаштагы кыргызстандык түркиялык футбол клубунун академиясында тарбияланган. Өткөн сезондо ал «Галатасарайдын» жаштар командасында 22 беттеш өткөрүп, 16 гол киргизип, алты голдук топ узаткан.

«Галатасарай» Түркиянын учурдагы чемпиону жана Чемпиондор лигасынын катышуучусу болуп эсептелет.

20-сентябрда өтө турчу негизги Европа кубогунда «Галатасарай» Даниянын «Копенгаген» командасына каршы ойнойт. Ошондой эле түркиялык клуб менен бир тайпада англиялык «Манчестер Юнайтед» жана германиялык «Бовария» командалары бар.