Айсулуу Тыныбекова Дүйнө чемпионатында финалга чыгып, Париж Олимпиадасына жолдомо алды

Балбан Айсулуу Тыныбекова Сербияда өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпионатында финалга чыкты.

Ал 1/16 финалдан баштап 62 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашты. Тыныбекова Польша, Молдова жана Украинанын спортчуларын үч жолу катары менен жеңип алды. Ал эми жарым финалда германиялык Луиза Неймени 4:2 эсебинде утту.

Спортчу 21-сентябрда болуп өтүүчү финалда япониялык Сакура Мотоки менен дүйнө чемпиону наамы үчүн ат салышат.

Айсулуу Тыныбекова украиналык Ирина Коляденко менен беттешип жатат. Сүрөт: uww.org.

Айсулуу Тыныбекова финалга чыгуу менен бирге 2024-жылы Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына жолдомого дагы ээ болду. Бул кыргызстандык спортчулар үчүн Олимпиадага экинчи жолдомо болуп калды.

Буга чейин олимпиадага жолдомону Айпери Медет кызы жеңип алган, ал бир нече сааттан кийин 76 килограммга чейинки салмак ченинде дүйнө чемпиону наамы үчүн ат салышат.

Айсулуу Тыныбекова — кыргыз күрөшүнүн тарыхындагы жалгыз дүйнөнүн эки жолку, Азиянын беш жолку чемпиону. Токио олимпиадасынын күмүш медалынын жеңүүчүсү.

Улуттук кураманын куржунуна биринчи медалды Тайырбек Жумашбек уулу алып келген. Ал 17-сентябрда эркин күрөш боюнча 61 кг чейинки салмакта коло байгени багынткан.

Бул Дүйнө биринчилиги 16-24-сентябрь күндөрү Сербиянын Белград шаарында өтөт. Спортчулар эркин, грек-рим жана аялдар күрөшүндө күч сынашып жатышат. 

Аталган мелдеш 2024-жылы Парижде өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына жолдомону камсыздай турган мелдеш болуп эсептелет. Дүйнөлүк чемпионатта Олимпиадага жолдомону ар бир олимпиадалык салмак категориясындагы бештен балбан алат. 

ТЕМА БОЮНЧА:

Айпери Медет кызы Дүйнө чемпионатында финалга чыгып, Париж Олимпиадасына жолдомо алды

Балбан Тайырбек Жумашбек уулу Дүйнө чемпионатында коло медаль жеңди

Айсулуу Тыныбекова Венгрияда өтүп жаткан эл аралык турнирде алтын медаль жеңди