Айсулуу Тыныбекова Венгрияда өтүп жаткан эл аралык турнирде алтын медаль жеңди

Балбан Айсулуу Тыныбекова Венгрияда өтүп жаткан күрөш боюнча Polyak Imre & Varga Janos Memorial эл аралык рейтингдик турниринде чемпион болду. Бул тууралуу 15-июлда Дене тарбия жана спорт департаментинен кабарлашты.

Тыныбекова 62 килограммга чейинки салмактык категорияда күч сынашты. Ал алгачкы беттеште германиялык балбанды 2:0 эсебинде жеңсе, экинчи кармашта венгриялык спортчуну 10:0 эсебинде утту.

Чейрек финалда орусиялык балбанды 6:1, жарым финалда бразилиялык спортчуну 5:2 эсебинде багындырды. Финалда Болгариядан келген балбанды 2:1 эсебинде утуп, алтын медаль тагынды.

Эл аралык рейтингдик мелдеш 13-июлда Венгриянын Будапешт шаарында башталган, 16-июлда жыйынтыкталат. Буга чейин аталган турнирде эркин күрөш боюнча кыргызстандык Алмаз Сманбеков күмүш, Икромжон Хаджимурадов коло медаль тагынган.

Айсулуу Тыныбекова — кыргыз күрөшүнүн тарыхындагы жалгыз дүйнөнүн эки жолку, Азиянын беш жолку чемпиону. Токио олимпиадасынын күмүш медалынын жеңүүчүсү.