Санжар Мыкыев жана Гүлзат Мамытбек

19-сентябрда блогер Гүлзат Мамытбек иш-чаралардын биринде сүйлөп жаткан жеринен алып баруучулар Санжар Мыкыев жана Нурсултан Майназаров «микрофонун өчүрүп салышканын» айтып чыккан. Ал уюштуруучуларга нааразы экенин айтып, «аялдар микрофонго сүйлөөгө укугу жокпу?» деп таарынычын билдирген.

Иш-чаранын алып баруучулары Мамытбектин айткандарын четке кагышты, ал эми 20-сентябрда алардын бири Санжар Мыкыев аны «элдин оюн манипуляциялоого» айыптап, блогердин үстүнөн милицияга арызданганын билдирди.

Эмне болду?

19-сентябрда блогер Гүлзат Мамытбек социалдык тармактагы баракчасына кайрылуу жүктөгөн. Анда блогер Бишкек шаарында өткөн иш-чаралардын биринде элдин алдында сүйлөп жаткан жеринен «алып баруучу Санжар Мыкыев жана Нурсултан Майназаров микрофонун эки ирет өчүрүп коюшканын» айткан.

Блогер иш-чаранын уюштуруучулары аны «өздөрү жарнама жагынан жардам сурап чакырышканын», буга карабастан ага сөз берилбей калганына нааразычылык билдирген.

«Казак боорубуз [блогер] Арман Юсупов “биздин конференция жагып жатабы?” деп суроо берген, мага чейин бир кыз сүйлөп, анан мен микрофонду алып сүйлөйүн деп жатсам өчүрүп коюшту. Мен түшүнбөй жатам, анда эмнеге чакырышты? Санжар Мыкыев чуркап келип, микрофонду колуман жулуп алды. Мен ал жерде эч кандай жаман сөз айтайын деген оюм жок болчу, жөн гана суроого жооп берип жаткам», — деген Мамытбек.

Ошондой эле блогер алып баруучуларга «эмнеге мени мынча жек көрөсүңөр, же аял кишинин үнү, микрофонго сүйлөөгө укугу жокпу?» деп суроо салган.

Санжар Мыкыевдин жообу

Ал эми алып баруучу Санжар Мыкыев 20-сентябрда окуя тууралуу комментарий берип, блогердин айыптоолорун четке какты. Ошондой эле Мамытбекти «элдин оюн манипуляциялоого» айыптап, анын «беделине шек келтиргенине байланыштуу» милицияга арыз жазганын билдирди.

Мыкыев блогердин соцтармактагы кайрылуусунан кийин ага жана анын үй-бүлөсүнө каргыштар жазылып жатканын айтты.

«Сиздин айткандарыңыз калп. Мында жаш уюштуруучулар чоң акча коротуп, Кыргызстандын жана жаштардын деңгээлин жогорулатуу үчүн конференция уюштуруп жатса, сиз Казакстанды аябай мактап, “Кыргызстан Орусия менен Казакстандан 20 жылга калып кетти”, “Микрофонумду Санжар жулуп алды” дейсиз. Биз сизге эмне кылдык?», — деди ал.

Ал эми алып баруучу Нурсултан Майназаров окуя болгон учурда аталган иш-чарада болбогонун айтып, Мамытбекти «элди эмоцианалдык жактан манипуляциялоого» айыптады.

Мурдараак Мыкыев блогердин иш-чарада сүйлөгөнү тартылган видео тасма жарыялаган. Анда Мамытбек «Кыргызстан Орусия менен Казакстандан 20 жылга калып кеткенин», ал эми өзү «17 жылдан бери англис тилин үйрөтүп келе жатканын» айткан.

Уюштуруучулар анын микрофонун өчүрүшкөндөн кийин блогер сахнадагы спикердин микрофонун алып, өзүнүн тил курсу тууралуу айта баштаган.

Гүлзат Мамытбектин эркинен ажыратылышы

Өткөн жылы 25-октябрда Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБи бир жыл издөөдө жүргөн Гүлзат Алымкулованы (Гүлзат Мамытбек) алдамчылыкка шектеп кармаган.

Ал эми 24-майда Бишкектин Биринчи май райондук соту блогерди күнөөлүү деп тапкан. Мамытбек беш жылга эркинен ажыратылып, анын жазасы үч жылдык пробациялык көзөмөлгө өзгөртүлгөн.

Мамытбекти кармоого 2020-жылы блогердин үстүнөн жети кишиден арыз түшкөнү негиз болгон. Жабырлануучулар блогер алардын «ишенимине кирип, чоң киреше убадалап акча алганын» билдиришкен. Зыяндын жалпы өлчөмү 110 миң доллардан ашат.

Ал 2017-жылы өзүн «Жаңы Кыргыз деми» деп атап, мотивация берүүчү контент даярдап келген. Ошондой эле, High Time тил үйрөтүү курсун негиздеген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Алдамчылыкка айыпталган Гүлзат Мамытбек үч жыл пробациялык көзөмөлдө болот

Алдамчылыкка шектелип камалган Гүлзат Мамытбек ачкачылык жарыялады

110 миң доллар. Блогер Гүлзат Мамытбек «Алдамчылыкка» шектелип кармалды