Алдамчылыкка айыпталган Гүлзат Мамытбек үч жыл пробациялык көзөмөлдө болот

24-майда Бишкектин Биринчи май райондук соту «Алдамчылыкка» айыпталган блогер Гүлзат Алымкулованы (Гүлзат Мамытбекти) күнөөлүү деп тапты. Бул тууралуу «Клоопко» райондук соттун өкүлү Айзада Момунова билдирди.

Маалыматка ылайык, Мамытбек беш жылга эркинен ажыратылып, анын жазасы үч жылдык пробациялык көзөмөлгө өзгөртүлдү. Блогер сот залынан бошотулду.

*Пробациялык көзөмөлгө алынган адам жашаган жери боюнча пробация органынын көзөмөлүндө болуп, өлкөнүн чегинен чыкпашы керек. Эгер жашаган, иштеген же окуган жери өзгөрсө, тиешелүү органга кабарлайт. Белгилүү бир адамдар менен байланышпайт жана, белгилүү бир жайларга бара албайт. Ошондой эле, жабырлануучуга келтирилген зыяндын ордун сот аныктаган мөөнөттө толтуруп берүүгө милдеттүү.

Гүлзат Мамытбектин кармалышы

Гүлзат Мамытбек.

25-октябрда Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБи бир жылдан бери издөөдө жүргөн Гүлзат Мамытбекти алдамчылыкка шектеп кармаган. Ал эми 27-октябрда Биринчи май райондук соту Мамытбекти бир айга камакка алуу чечимин чыгарган.

Мамытбекти кармоого 2020-жылы блогердин үстүнөн жети кишиден арыз түшкөнү негиз болгон. Жабырлануучулар блогер алардын «ишенимине кирип, чоң киреше убадалап акча алганын» билдиришкен. Зыяндын жалпы өлчөмү 110 миң доллардан ашат.

2022-жылдын 28-октябрында Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту блогер Гүлзат Мамытбектин баш коргоо чарасын карап, 25-ноябрга чейин №1 ТИЗОдо камакта калтыруу чечимин чыгарган.

Кийинчерээк 14-ноябрда Гүлзат Мамытбек ачкачылык жарыялаган. Ал президентке жана башка мамлекеттик органдарга жазган каттары кабыл алынбай жатканына нааразы болгон. 23-ноябрда Мамытбек ачкачылыгын токтоткон.

Тема боюнча:

Алдамчылыкка шектелип камалган Гүлзат Мамытбек ачкачылык жарыялады

110 миң доллар. Блогер Гүлзат Мамытбек «Алдамчылыкка» шектелип кармалды