ЖК Мадумаровдун кармалышынын мыйзамдуулугун иликтөө боюнча комиссия түзө алган жок

Жогорку Кеңештин 20-сентябрдагы жыйында депутаттар «Бүтүн Кыргызстан» оппозициялык фракциясынын лидери Адахан Мадумаровдун кармалышынын мыйзамдуулугун иликтөө боюнча комиссия түзө албай калышты. 

Жыйында Мадумаровдун партиялашы Гуля Кожокулова сөз алып, көп учурда, депутаттар кармалганда, комиссиялар түзүлүп келгенин белгилеп, кесиптештерин бул маселени колдоого чакырды.

Алгач комиссиянын курамына 6 адам кирген: Жанар Акаев («Альянс» фракциясы), Султанбай Айжигитов («Ыйман Нуру»), Шараптакан Мажитова («Ынтымак»), Жалолидин Нурбаев («Элдик»), Айсара Абдибаева («Ишеним») жана Гуля Кожокулова («Бүтүн Кыргызстан»).

Бирок депутаттардын «Мекенчил» тобу менен «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясы комиссия курамына эч кимди көрсөтпөй койду.  

Вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев комиссияны түзүү үчүн жети киши керектигин айтып, башка маселени кароого өтүүнү сунуштады.

Ал арада бир мандандаттуу округдан шайланып келген депутат Дастан Бекешев комиссиянын курамына өз талапкерлигин көрсөтүп, комиссия түзүү маселеси добушка коюлду. Бирок сунуш 40 гана депутаттын колдоосун таап, 11 эл өкүлү каршы чыкты.

Сыдыгалиев маселе добуштан өтпөгөнүн, комиссия түзүү үчүн 46 добуш чогултуу керектинин билдирди. 

Мадумаровдун кармалышы 

«Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаров 2-сентябрда ИИМ тарабынан кармалган. Ага 2009-жылы кыргыз-тажик чек арасы боюнча протоколго кол койгону үчүн «Мамлекеттик чыккынчылык» беренеси менен айып тагылган. Сот саясатчыны 24-октябрга чейин УКМКнын ТИЗОсуна камакка алынган

Саясатчынын иши Мадумаров 2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп турган кезде кол койгон кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт-Көчө тилкеси тууралуу протоколго байланыштуу. Ошол жылы Мадумаров Ош — Баткен — Исфана жолун жана көпүрө куруу үчүн Тажикстандан 5 гектар жерди ижарага алуу тууралуу протоколго кол койгон.  

Мадумаров өзү аталган документтин юридикалык күчү жоктугун айткан, ал эми президент Садыр Жапаров протокол күчкө ээ болгондуктан тажик тарап Төрт-Көчөнү талашып жатат деп билдирген

2023-жылдын июнунда Жогорку Кеңеш башкы прокурордун сунушу менен Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берген. Анда Мадумаровго 2009-жылы кыргыз-тажик чек арасы боюнча протоколго кой койгону үчүн («Бийликтен аша чабуу» беренеси боюнча) жана Кемпир-Абад иши боюнча («Бийликти күч менен басып алуу» жана «Массалык башаламандыктар» беренелери) боюнча айыпталган.  

Кармалганга чейин Мадумаров азыркы бийликти Конституцияны жана жарандардын укуктарын буузуп атканы үчүн сындап жүргөн.  

Башкы беттеги сүрөт: Токтосун Шамбетов / «Азаттык».