Сот Адахан Мадумаровду 24-октябрга чейин камакка алды

Бишкектин Биринчи май райондук соту Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровду 24-октябрга чейин камакка алды. Маалыматты «Клоопко» райондук соттон тастыкташты.

Мадумаровдун бөгөт чарасы 2-сентябрда каралып, сот ИИМдин тергөөчүсүнүн өтүнүчүн канааттандырды — эл өкүлү тергөө аяктаганга чейин УКМКнын ТИЗОсунда болот.

ИИМдин спецназдары Мадумаровду 2-март күнү түшкө чейин жашы жете баласы менен сейилдеп жүргөндө кармап кетишкени кабарланган. Кийин ал сотко жеткирилир, отурумга анын тарапташтары менен журналисттер киргизилген эмес.

Адвокат Гуляна Убалиева эл өкүлүнө «Мамлекеттик чыккынчылык» беренеси менен айып тагылганын билдирген. Ал тергөөчү «иш жашыруун» деп шылтоолоп, материалдар менен таанышууга мүмкүндүк бергенин айткан.

Мадумаров кармалган шартта УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирүү жасап, «мамлекетке чыккынчылык кылып, бүлүк салууга аракет кылгандарга аёо болбойт» деп билдирген. 

Мадумаров жана аны жоопко тартуу аракети

Буга чейин башкы прокурор Курманкул Зулушев Мадумаровду жоопко тартууга уруксат берүүнү өтүнүп, бир нече жолу парламентке кайрылган. Биринчисинде депутаттар каршы болушкан.

Экинчи жолу депутаттар атайын комиссия түзүп, Мадумаровду прокуратура сунуштаган төрт берененин бири — «Бийликтен аша чабуу» боюнча гана жоопко тартууга уруксат берген.

Ошондой эле Мадумаровдун депутаттык мандаты сакталып, өз милдетин уланта берери белгиленген. Мадумаров болсо ага тагылган айыпты «перспективдүү эмес» деп атаган.

Адахан Мадумаров — Жогорку Кеңештеги оппозициялык «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери. Эл өкүлү азыркы бийликти адам укуктарын бузуп, Конституцияны сактабай жатат деп бир нече жолу сынга алган. 

УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Мадумаровду бир нече жолу трибунадан «каматам» деп коркутса, президент Садыр Жапаров эл өкүлүн «өзүнөн башканы президент көрбөгөн оорусу менен ооруп жүрөт» деп сындаган.

Негизги беттеги сүрөт: Токтосун Шамбетов / «Азаттык»

ТЕМА БОЮНЧА:

Эми анык. Депутаттык комиссия Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берди

Мадумаров прокуратуранын жоопко тартуу аракетин «саясий иш» деп атады