«Мамлекеттик чыккынчылык». Депутат Адахан Мадумаров ИИМ тарабынан кармалды

Маалымат 18:20да жаңыланды

Бишкекте Жогорку Кеңештин депутаты, «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаров кармалды. Бул тууралуу Kaktus.Media басылмасы укук коргоо органдарына таянып жазып чыкты.

Мааламатта саясатчы бүгүн, 2-августта баласы менен сейилдеп жүргөндө ИИМ тарабынан кармалганы айтылат.

Мадумаровдун жактоочусу Гуляна Убалиева ага «мамлекеттик чыккынчылык» деген айып тагылганын билдирди. Анын айтымында, тергөөчү иштин жашыруун экенине шылтоолоп, материалдар менен таанышууга мүмкүндүк берген эмес.

Учурда Биринчи май райондук сотунда Мадумаровдун бөгөт чарасы каралып жатат. Сотко эл өкүлүнүн тарапташтарын да, журналисттерди да киргизбей жатышканы кабарланды.

ИИМден да, Биринчи май райондук сотунан да депутаттын кармалышы боюнча маалымат берише элек.

Мадумаровду жоопко тартуу

Парламенттин 31-майдагы жыйынында төрага Нурланбек Шакиев депутат Адахан Мадумаровду жоопко тартуу боюнча баш прокурордон сунуш түшкөнүн билдирген.

Депутаттардан түзүлгөн убактылуу комиссия 22-июнда Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берген. Ал эми эл өкүлү өзү тагылган айыпты «перспективдүү эмес» деп атаган.

Депутаттык комиссия эл өкүлүнө каршы прокуратура сунуштаган төрт берененин бири боюнча гана — «Бийликтен аша чабуу» беренесинин негизинде жоопко тартууга уруксат берип, ал эми калган беренелер боюнча жоопко тартууга каршы чыккан.

Ошондой эле Мадумаровдун депутаттык мандаты сакталып, ал эл өкүлүнүн милдеттерин уланта берери белгиленген.

Адахан Мадумаров — Жогорку Кеңештеги оппозициялык «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери. Эл өкүлү азыркы бийликти адам укуктарын бузуп, Конституцияны сактабай жатат деп бир нече жолу сынга алган.

УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Мадумаровду бир нече жолу трибунадан коркутса, президент Садыр Жапаров Мадумаров «өзүнөн башканы президент көрбөгөн оорусу менен ооруп жүрөт» деп билдирген.

ТЕМА БОЮНЧА:

УКМК кызматкерлери Адахан Мадумаровдун тарапташтарын суракка алып кетти

Эми анык. Депутаттык комиссия Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берди

Мадумаров прокуратуранын жоопко тартуу аракетин «саясий иш» деп атады

Башкы прокурор Адахан Мадумаровду жоопко тартууга кайрадан макулдук сурады