ИИМ Адахан Мадумаров «мамлекеттик чыкынчылыкка» айыпталып жатканын тастыктады

Ички иштер министрлиги Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровдун кармалганы боюнча комментарий берди. Министрликтен эл өкүлүнө «Мамлекеттик чыккынчылык» беренеси менен айып тагылганын тастыкташты.

ИИМдин спецназдары 2-март күнү түшкө чейин Мадумаровду жашы жете баласы менен сейилдеп жүргөндө кармап кетишкен. Анын баш коргоо чарасы Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралып, эл өкүлү 24-октябрга чейин камакка алынган.

Анын жактоочусу Гуляна Убалиева ИИМдин тергөөчүсү «иш жашыруун» деп шылтоолоп, материалдар менен таанышууга мүмкүндүк бергенин айткан. Кийин ал Мадумаровду камакка алуу боюнча райондук соттун чечимин жокко чыгарууну талап кылып шаардык сотко арыз беришерин белгилеген. 

Мадумаров кармалган шартта УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирүү жасап, «мамлекетке чыккынчылык кылып, бүлүк салууга аракет кылгандарга аёо болбойт» деп билдирген

Мадумаров жана аны жоопко тартуу аракети

Буга чейин башкы прокурор Курманкул Зулушев Мадумаровду жоопко тартууга уруксат берүүнү өтүнүп, бир нече жолу парламентке кайрылган. Биринчисинде депутаттар каршы болгон.

Экинчи жолу эл өкүлдөрү атайын комиссия түзүп, Мадумаровду прокуратура сунуштаган төрт берененин бири — «Бийликтен аша чабуу» боюнча гана жоопко тартууга уруксат берген.

Ошондой эле Мадумаровдун депутаттык мандаты сакталып, өз милдетин уланта берери белгиленген. Мадумаров болсо аны жоопко тартуу аракетин «саясий иш» деп атаган.

Адахан Мадумаров — Жогорку Кеңештеги оппозициялык «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери. Эл өкүлү азыркы бийликти адам укуктарын бузуп, Конституцияны сактабай жатат деп бир нече жолу сынга алган. 

УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Мадумаровду бир нече жолу трибунадан «каматам» деп коркутса, президент Садыр Жапаров эл өкүлүн «өзүнөн башканы президент көрбөгөн оорусу менен ооруп жүрөт» деп сындаган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Эми анык. Депутаттык комиссия Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берди

Мадумаров прокуратуранын жоопко тартуу аракетин «саясий иш» деп атады