Сүрөт: Бишкекте аялдардын укуктарын кеңейтүүгө арналган KYZ PWR муралы өчүрүлдү

Бишкекте Гапар Айтиев атындагы музейдин дубалындагы Basicolors арт-тобу тарткан KYZ PWR аталышындагы мурал өчүрүлдү. Бул тууралуу 24-сентябрда медиаэксперт Елена Баялинова Фейсбук барагында билдирди.

Сүрөт: Елена Баялинова

Баялинова муралды өчүргөн жумушчулар ага мекеменин башчысы Айгүл Мамбетказиеванын буйругун аткарышканын айтышкан.

«Бүлдүргүч-кызматкерлер музейдин директорунун буйругун аткарып жатышканын, имараттын, архитектуралык эстелик катары коргоо грамотасы бар экенин, мурда [муралды тартууда] Маданият министрлиги менен “Бишкек башкы архитектурадан” уруксат алуу керек болчу экенин айтышты. Кыскасы, коркутуп коюшуптур, анан ошол башчыларынын каарынан корккон музейдин тийиштүү ыйгарым укуктуу кызматкерлери чиновниктер менен сүйлөшүп, ушул көчө искусствосун коргоого аракет да кылышпаптыр», — деп жазды Баялинова.

Маданият министрлигинен «Клоопко» мурал «Бишкек башкы архитектуранын» тапшырмасы менен өчүрүлгөнүн билдирип, министрлик андай тапшырма бербегенин кошумчалашты.

Бишкектеги көркөм искусство музейинин дубалындагы мурал 12-сентябрда ачылган. Анда муралдын авторлору анын ортосунда аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү чагылдырып турган кыздын образы түшүрүлгөнүн айтышкан.