Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине интервью берип, Өзбекстан Кемпир-Абад суу сактагычынан Фергана шаарына таза суу тартууну көздөп жатат деген маалымат боюнча комментарий берди.
Жапаров өзбек тарап менен Кемпир-Абад боюнча келишимде Кыргызстан менен Өзбекстан суу сактагычты 50/50 принциби менен башкарып жатканын эске салды.
«Кыргызстан тарап "Кемпир-Абад" суу сактагычындагы суудан болгону 10 пайыздын тегереги пайдаланабыз. Калган суунун баары 100 жылдан бери Өзбекстанга агып кирип кетет. Дагы 100 жыл агат. Эмне үчүн теңме тең башкарууга кирдик? Бул биз үчүн чоң жеңиш. Биринчиден, 900-горизонттон ашпасын көзөмөлдөйбүз. Биздин кургак жерлерибизди суу басып кетпеш керек. Экинчиден, биздин плотинадан ылдый турган айылдарга сугат мезгилинде жетиштүү суу алып турушубуз керек», — деди Жапаров.
Президент Кыргызстан үчүн ансыз да Өзбекстанга агып кирип жаткан сууну өзбек тарап кандай аларынын «айырмасы жок» экенин белгиледи.
«Өзбек тарапка кетип аткан сууну өзбек тарап арык менен алып кетеби, түтүк менен алып кетеби же асман менен алып кетеби кандай айырмасы бар? Ар бир кыймыл аракетти эки тарап макулдашып жасап турабыз», — деп баса белгиледи ал.
Ошондой эле президент «Азаттык» жана ушуга окшогон башка ЖМКга өзүнчө токтолуп, алар «провокация» кылып жатышат деген ойдо.
22-сентябрда «Озодлик» радиосу («Азаттык» радиосунун өзбек кызматы) Фергана облустук акимчилигине таянып, Кытайдын Sinomash холдинги Кемпир-Абад суу сактагычынан Өзбекстандын Фергана шаарына таза суу тарта турган долбоорун ишке ашыруу боюнча болжолдуу келишимдер жетишилди деп жазган. Бул тууралуу материалды «Азаттык» жана башка жергиликтүү башка медиалар да жазышкан.
«Мен дагы "Азаттыктын" көрсөтүүсүн көрдүм. Кемпир-Абад мурда Кыргызстанга карачу деп элдин башын айландырганга аракет кылышыптыр. Булар оңолбойт экен да. Же артында турган кожоюндары катуу буйрук берип жатышабы деп ойлойм. Аларга Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда будуң-чаң болуп турганы эмне пайда билбейм. Бул сөзү менен кыргыз-өзбек кылып чабыштыралы деген "Азаттыктын" арам ою оркойуп көрүнүп турат.
Кемпир-Абадды илгертен бери 100 пайыз Өзбекстан башкарып келген», — деп айтты президент.
Жапаров «Мындан ары кыргыз-өзбек достугу бекем болот. Бир кудайдан башка эч ким буза албайт» деп баса белгиледи.
«Ошол үчүн кудайдан тынчтыкты көп-көп суранып турушубуз керек. "Азаттык" сыяктуу чагымчыл маалымат каражаттарынын провокациясына алдырбаш керек», — деп сөзүн жыйынтыктады президент.
Кемпир-Абадды өткөрүп берилиши
2022-жылдын 17-ноябрында Жогорку Кеңештин депутаттары Өзбекстан менен чек араны ратификациялоо жана Кемпир-Абад суу сактагычын биргеликте башкаруу боюнча мыйзам долбоорлоруна добуш беришкен.
Документке ылайык, Кыргызстан Кемпир-Абад суу сактагычынын алдындагы 4485 га жерди Өзбекстанга калтырып, ордуна бир нече облустан 19 миң гектардан ашык жер алат.
2023-жылдын январында Садыр Жапаров менен Шавхат Мирзиеёв өлкөлөрдүн ортосундагы биргелешкен чек аранын айрым тилкелери тууралуу келишимдин ратификациялык грамоталары менен алмашышкан. Андан соң Жапаров Кыргызстан менен Өзбекстан мамлекеттик чек араны делимитациялоо процесстерин аякташканын билдирген.
Бирок Кемпир-Абад боюнча макулдашуу коомчулуктун бир бөлүгүндө нааразычылыктарды жараткан. 30га жакын активист, саясатчы жана укук коргоочу аталган келишимге каршы чыгып, Кемпир-Абадды коргоо комитетин түзүшкөн. 2022-жылдын октябрында милиция аларды массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн деген айып менен камакка алган. Кармалгандардын бир бөлүгү дагы деле камакта.
Кармалгандардын баары ушул күнгө чейин күнөөлөрү жоктугун билдирип, аларга каршы иштер токулганын билдирип келишет.
Саясатчылар менен активисттердин кармалышын бир катар депутаттар айыптап, ал эми Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму бийликти кармалгандардын баарын бошотууга чакырган.