Кыргызстан менен Өзбекстан мамлекеттик чек араны делимитациялоо процессин аяктады

Кыргызстан жана Өзбекстан мамлекеттик чек араны делимитациялоо процессин аяктады. Бул тууралуу 27-январда президент Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен болгон жолугушууда билдирди.

Жапаров эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө багытталган бир катар макулдашууларга жетишилгенин белгиледи.

«Бүгүн биз үчүн тарыхый күн: Кыргызстан менен Өзбекстан мамлекеттик чек араны делимитациялоо процессин аякташты, “Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы жөнүндө” келишимге ратификациялык грамоталар менен алмашып, чек ара маселесине чекит коюлду. Чек ара маселесин биротоло чечүү боордоштук мамилелерди мындан ары өнүктүрүүдө, чек ара байланыштарын чыңдоодо негизги ролду ойнойт, ошондой эле Борбордук Азия чөлкөмүндө туруктуулукту жана коопсуздукту чыңдоого салым кошот деп ишенем», — деди ал.

Ошол эле учурда өзбек президенти да бул күндү тарыхый деп атап, чек араны тактоо Жапаров экөөнүн «саясий эрки менен ишке ашканын» айтты.

«Чек ара так болбосо кайсы достук мамиле тууралуу кеп кылуу мүмкүн? Бул [чек аранын такталганы] тынчтык жана бейпилдик. Азыркы тынч эмес дүйнөдө бул абдан керек эле. Албетте кыйын болду, бирок эки өлкө башчыларынын саясий эрки менен мындай кыйын, чечилбечүдөй көрүнгөн маселелерди да чечсе болот экен. Бул маселенин толук чечилиши, албетте, биздин эки тараптуу кызматташуубузду өнүктүрүүдө маанилүү роль ойнойт», — деди Мирзиёев.

Жолугушууда Жапаров менен Шавкат Мирзиёев эки өлкөнүн ортосунда кеңири камтылган стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө Декларацияга кол коюшту. Мындан тышкары дагы бир катар документтерге кол коюлду.

Алар:

  • Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана жоюу жаатында кызматташуу жөнүндө Макулдашуу;
  • Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы менен Өзбекстан Республикасынын Экономика жана каржы министрлигине караштуу Бажы комитетинин ортосундагы Өз ара сооданын бажы статистикалык маалыматтары менен алмашуу жаатында өз ара аракеттенүүнүн тартиби жөнүндө Протокол;
  • Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы менен Өзбекстан Республикасынын Экономика жана каржы министрлигине караштуу Бажы комитетинин ортосундагы тышкы экономикалык ишмердиктин катышуучуларынын каржылык шектүү операцияларды жүргүзүшүн алдын алуу, аныктоо жана бөгөт коюу жаатында кызматташуу жөнүндө Протокол;
  • Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар боюнча мамлекеттик агенттик менен Өзбекстан Республикасынын Жогорку билим берүү, илим жана инновациялар министрлигинин ортосундагы кызматташуу жөнүндө Макулдашуу;
  • Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Өзбекстан Республикасынын Жаштар саясаты жана спорт министрлигинин ортосундагы жаштар саясаты жаатында кызматташуу жөнүндө Макулдашуу;
  • Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги менен Өзбекстан Республикасынын Энергетика министрлигинин ортосундагы энергетика тармагында кызматташуу жөнүндө Макулдашуу;
  • Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги менен Өзбекстан Республикасынын Энергетика министрлигинин ортосундагы көмүр өнөр жайы жаатында кызматташууну өнүктүрүү жөнүндө Макулдашуу;
  • Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен Өзбекстан Республикасынын Инвестициялар, өнөр жай жана соода министрлигинин ортосундагы өнөр жайдын артыкчылыктуу багыттарын өнүктүрүү боюнча кызматташуу жөнүндө Макулдашуу;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2017-жылдын 6-сентябрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек арага жакын райондорунун ыйгарым укуктуу өкүлдөрү менен Өзбекстан Республикасынын чек арага жакын облустарынын хокимдеринин кеңешин түзүү жөнүндө өз ара түшүнүшүү меморандумуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Протокол;
  • 2022-жылдын 3-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым тилкелери тууралуу келишимдин ратификациялоо грамоталарын алмашуу жөнүндө Протокол;
  • 2006-жылдын 3-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жарандардын өз ара сапарлары жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу Протокол;
  • Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын кеңири майрамдоо боюнча биргелешкен иш-чаралардын планы;
  • Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Аппараты менен Өзбекстан Республикасынын Жизак облусунун Хокимияты ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөдө кызматташуу жөнүндө Макулдашуу;
  • Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргызстанда автомобиль жана коммерция техникаларын өндүрүүнү уюштуруу боюнча кызматташуу жөнүндө Макулдашуу;
  • 2023-2025-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы стратегиялык соода-экономикалык өнөктөштүк программасы;
  • Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик менен Өзбекстан Республикасынын Инвестициялар, өнөр жай жана соода министрлигинин ортосундагы кызматташуу жөнүндө Макулдашуу;
  • Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги менен Өзбекстан Республикасынын Айыл чарба министрлигинин ортосундагы айыл чарба тармагында кызматташуу жөнүндө Макулдашуу;
  • Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Аппараты менен Өзбекстан Республикасынын Жизак облусунун Хокимияты ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү боюнча комплекстүү программа;
  • Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Аппараты менен Өзбекстан Республикасынын Фергана облусунун Хокимияты ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү боюнча комплекстүү программа;
  • Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Аппараты менен Өзбекстан Республикасынын Наманган облусунун Хокимияты ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү боюнча комплекстүү программа;
  • Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Аппараты менен Өзбекстан Республикасынын Анжиян облусунун Хокимияты ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү боюнча комплекстүү программа;
  • Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги менен Өзбекстан Республикасынын Энергетика министрлигинин ортосундагы Чаткал ГЭС каскадын куруу боюнча өз ара түшүнүшүү Меморандуму;

Бизнес-форумдун алкагында кол коюлган документтер:

  • «Дастан ТНК» ААКсы менен TOSHELECTRAPPARAT ЖЧКсынын ортосундагы кызматташуу жөнүндө макулдашуунун долбоору (АСКУЭ электр эсептегичтерин чыгаруу боюнча);
  • Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Аппараты менен Өзбекстан Республикасынын Фергана облусундагы “Baxodir Log'on Tekstil” (ЖЧК) биргелешкен ишканасынын ортосундагы кызматташуу жөнүндө макулдашуу долбоору.

Мирзиёевдин Кыргызстанга сапары, Кемпир-Абад маселеси

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 26-27-январда мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келди. Анын өлкөгө келери эбак эле айтылып, бирок кайра-кайра жылдырылып келген. Октябрдын аягында Мирзиёевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапары жылганы маалым болгон. Мирзиёевдин Кыргызстанга сапары декабрь айында да күтүлгөн, анда ал ЕАЭБдин Бишкекте өткөн саммитке катышышы керек болчу. Бирок саммитке бир күн калганда Мирзиёев бул иш-чарага келбеси белгилүү болгон.

Анда кыргыз президентинин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев коңшу өлкөнүн мамлекет башчысынын мамлекеттик сапарын жылдыруу телефон аркылуу сүйлөшүүдө макулдашылганын билдирген. Ал учурда Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга берүү боюнча документтерге кол коюлуп калган эле.

Кыргызстанда аталган суу сактагычты Өзбекстанга берүү ызы-чуу менен коштолду. Бийлик буга каршы болуп сындаган активист жана саясатчыларды массалык түрдө камады. Жер-жерлерде суу сактагычтын берилишине каршы митингдер өткөнүнө карабай, депутаттар кыргыз-өзбек чек арасы боюнча мыйзам долбоорлорун кабыл алып, эки өлкөнүн президенттери ага кол коюшту. Ушул тапта да Кемпир-Абадды коргоп, бийликти сындаган 30га чукул активист жана саясатчылар камакта жатат.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Коррупция, бизнес». Өзбек оппозиционери Кемпир-Абад келишиминин артында эмне турганы жөнүндө

Өзбек президенти Шавкат Мирзиёев акыры Кыргызстанга келмей болду

Мирзиёев 26-январда Бишкекке келбейт. Азырынча анын Кыргызстанга келе турган күнү белгисиз

Мирзиёев ЕАЭБдин саммитине келбейт, бирок декабрь ичи мамлекеттик сапары менен келип кетет