Бишкекте акча опузалоого шектелип шаардык соттун судьясы кармалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 27-сентябрда Бишкек шаардык сотунун кылмыш иштери боюнча коллегиясынын судьясы опузалап акча талап кылууга шектелип кармалганын билдирди. 

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, Бишкек шаардык сотунун айрым судьялары каралып жаткан кылмыш ишинин алкагында эркинен ажыратуу менен байланышпаган оң чечим чыгарып берүү үчүн жактоочунун ортомчусу аркылуу соттолуучунун жакын туугандарынан опузалап 5 миң долларын (443 500 сом) өндүрүп алышкан.

 УКМК билдиргендей, коррупциялык схемага «ишенимдүү» адвокаттар тартылган. Судьяга акча каражаттарын берүүнүн алдында жактоочунун жанында мурда даярдалган «адалдоого алынган» каражаттар болушу керек болчу, алар соттук коллегияга кирген экинчи инстанциянын судьяларынын ортосунда бөлүштүрүлгөн. Акча каражатын алмаштыруунун бул схемасы системалуу мүнөзгө ээ болуп келген.

«Бул кылмыштуу амалдын катышуучуларынын планы боюнча, эгерде алар укук коргоо органдары тарабынан кармалса, адвокат туруктуу жана ишенимдүү ортомчу катары, акча каражатын көрсөткөн юридикалык кызматы үчүн акы катары алганын айтмак, ал тууралуу алдын ала ойдон чыгарылган келишим түзүлүп даярдалган», — деп билдиришти УКМКдан. 

Биринчи май райондук сотунун чечими менен И.Н.А. 26-ноябрга чейин УКМКнын тергөө абак жайына киргизилди.

«Азыркы учурда бул коррупциялык схемага тиешеси бар Бишкек шаардык сотунун башка судьяларынын жогоруда көрсөтүлгөн фактылар боюнча кылмыш иштеринин далил базасын бекемдөө боюнча тиешелүү активдүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө, анын жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилет», — деп кошумчалады УКМК. 

Өз кезегинде Судьялар кеңеши шаардык соттун судьясы И.Н.А. кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берди.

Ошондой эле Судьялар кеңеши Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы К.Н.Т. дагы кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча Башкы прокуратуранын өтүнмөсүн каралып, макулдук берилгенин билдирди. Судья акча опузалоого жана пара алууга шектелип жатат.  

Мындан тышкары, Судьялар кеңеши президентке аталган судьяларды убактылуу кызматынан четтетүү боюнча сунуш киргизди.