Прокурор 700 миң долларды букмекерге уттурганы тууралуу маалымат парламентте көтөрүлдү

Жогорку Кеңештин 28-сентябрдагы жыйынында депутат Шайлообек Атазов кылмыш иши боюнча келтирилген зыяндын эсебине түшкөн «700 миң долларды букмекердик конторага уттуруп жибергени» айтылган Башкы прокуратуранын кызматкери тууралуу маселени көтөрдү.

«Башкы прокуратурада 700 миң долларды каалаган маалда алып, ойноп-ойноп ордуна коюп койгон [кызматкер] тууралуу кечээ бирөө фейсбукка “кийинки ойногонуңда ийгиликке жетишиңди каалайбыз” деп жазып жатат.  Биз ишенген орган оюн ойноп, акчаны жоготуп жиберген болсо келип маалымат берсин», — деди Атазов.

Буга чейин, 22-сентябрь күнү «Апрель ТВ» басылмасы жеке булактарына таянып, Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгынын башчысы Рустам Абдрасулов кылмыш ишинде далил буюм катары алынган 700 миң доллар акча каражатын кумар оюнуна жумшап жибергенин жазган. Басылмадан Башкы прокуратура аталган фактты август айында эле аныктап, бирок муну жаап-жашырып келишкенин билдиришкен.

Аны менен катар басылма Абдрасулов Бишкек гарнизонунун жаза өтөөчү жайында (гауптвахта) кармалганын жазган.

Ал эми 23-сентябрда Башкы прокуратура тараткан расмий маалыматта, 21-сентябрда кылмыш иштер боюнча келтирилген зыяндын эсебине түшкөн каражатты инвентаризациялоодо Рустам Абдрасуловдо көп суммадагы акча жетпей калганы айтылган. Ошол эле күнү Аскер прокуратурасы аталган факты боюнча кылмыш ишин козгоп, Абдрасулов кармалган.

Башкы прокуратурадан Абдрасулов аталган «каражатты кайра толугу менен кайтарып берди» деп ишендиришкен. Ошондой эле акча жеке адамга таандык болгонун, мамлекетке зыян келтирилбегенин кошумчалашкан. 

Учурда тергөө иштери улантылып жатат.