ТИМ Израилден 20 кыргызстандыкты чыгарып кетүү маселесинин үстүндө иштеп жатат

11-октябрга карата абал боюнча Израилдин аймагындагы кырдаалдын курчушунун улам жабыр тарткандардын арасында Кыргызстандын жарандары жок. Бул тууралуу Кыргызстандын Израилдеги элчилигине (резиденциясы Анкарада жайгашкан) таянып кыргыз ТИМи билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, Израилде жалпысынан 90 кыргызстандык бар, алардын ичинен 20сы өлкөнүн аймагынан чыгып кетүү ниетин билдирген. Учурда кыргызстандыктарды чыгарып кетүү боюнча маселе каралып жатканы белгиленди.

Кыргызстандын Израилдеги элчилиги өлкөнүн аймагында жашап аткан кыргызстандыктарга коопсуз жерлерде калууну жана аскердик кагылышуу болуп жаткан чек ара аймактарына барбоону сунуштайт.  

Ошондой эле элчилик күнү-түнү иштеп жаткан ишеним телефондорун калтырды:  +90 5456896800 (Элчиликтин номери), +972 533214916 (КР Израилдеги Ардактуу консулу).

7-октябрда Палестинанын ХАМАС кыймылы (Израилде террористтик деп табылган «Ислам каршылык көрсөтүү кыймылы») Израилдин түштүгүнө кол салып, өлкөнүн аймагына кирип келген. Израиль бийлигинин акыркы маалыматына ылайык, кол салуунун натыйжасында 1300гө чукул адам набыт болуп, 3300 киши жабыркаган. Алдын ала маалыматтар боюнча, жүздөгөн адам барымтада калууда.

Көп өтпөй израиль бийлиги өлкө «согуштук абалга» өткөнүн билдирип, Газа секторунун аймагындагы объектилерге чаабул баштаган. Израилдин коргоо министри Йоав Галант буларды билдирген: «Алар бул үчүн катуу өкүнөт, Газа эч качан мурда болгонуна кайтып барбайт». Ошондой эле ал Израиль толугу менен Газа секторун блокадага алууга киришип, палестиналык анклавка азык-түлүк, күйүүчү май жана электр энергиясын ташуу токтотулуп жатканын жарыялаган

Жалпы жонунан Газа секторунда, түрдүү эсептерге ылайык, 2 млнон 2,5 млнго чейин адам жашайт, калктын жыш жайгашуусу — дүйнөдөгү эң жогорку көрсөткүчтөрдүн бири.

Ал эми палестин тараптын маалыматына ылайык, Израилдин Газадагы чабуулунун натыйжасында 1200 чукул адам набыт болуп, 5600 киши жарадар болгон. БУУнун Гуманитардык маселелерди координациялоо боюнча башкармалыгынын маалыматы боюнча, Газа секторунда 338 миңден ашык адам үйүн таштап чыгууга аргасыз болгон. 

Тема боюнча окуңуз: «Палестиндерге качарга жер жок». Гуманитардык катастрофа болот делип аткан Газа секторунун жай тургундары эмне болуп жатат?
 
«10 секунд ичинде өмүрүмдө көрбөгөн өлүм-житимди көрдүм». Израилдеги музыкалык фестивалдын жумушчулары кантип аман калышканы тууралуу. Фестивалда ХАМАС жүздөгөн адамды өлтүргөн