Таш-Көмүр: УКМК 70 жаштагы аялды «соцтүйүндөгү кайрылуусу үчүн» кармап кеткени айтылууда

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Жалал-Абад облусундагы Таш-Көмүр шаарынын 70 жаштагы тургуну Салия Таштанованы кармап кетти. Бул тууралуу маалымат 13-октябрда «Мекендеш Тв» фейсбук барагына жарыяланды.

Билдирүүдө Таштанованын кармалганына соцтүйүндөгү кайрылуусу негиз болгону айтылат. Бирок, эмне болгон кыйрылуу экени айтылган эмес — анын аты-жөнү жазылган фейсбук барагында дээрлик эч кандай маалымат жок.

УКМКдан бул боюнча маалымат алууга мүмкүн болгон жок.

Салия Таштанова өткөн жылдын 15-октябрында Өзгөндө өткөн элдик курултайга катышып, Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берүүгө каршы чыккан.

Ал курултайда сөз сүйлөп, атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев «чек ара маселесин чече албаса отставка кетсин» деп талап кылып чыккан.