Бишкек — Ош унаа жолунда кар көчкүгө каршы тоннел ачылды

Бишкек — Ош унаа жолунун 246-чакырымында кар көчкүгө каршы тоннелдин ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу 19-октябрда өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров катышты. Жапаров аталган жол «өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн бириктирет жана республиканын негизги “кан тамырынын” бири болот» деп баса белгиледи.

«Жапон өкмөтүнүн жана JICA агенттигинин жардамы менен биз жабык жол тоннелин кура алдык, бул кар көчкү учурунда унаалардын токтоп калуусуна жол бербөөгө жана айдоочулардын коопсуз өтүүсүн камсыз кылууга мүмкүндүк берет», — деди Жапаров. 

Ошондой эле төрага тоннел жапон технологиясы боюнча монолит бетондон курулуп, жолдун туурасы 30 метрге кеңейтилгенин кошумчалады.

Тоннелдин курулушу 2019-жылдын май айында башталган, жалпы долбоордун сметалык баасы 39,2 млн АКШ долларын түзөт. Анын узундугу 460 метр болуп, учурда объекттин курулушу толук бүткөрүлдү.

ТЕМА БОЮНЧА:

Жапония Баткенге жол куруу үчүн 5,3 млн доллар грант берет

Дастан Бекешев: Жапония Ош — Бишкек жолун өзгөчө кырдаалдан коргоого 7,5 млн доллар бөлөт