Жапония Баткенге жол куруу үчүн 5,3 млн доллар грант берет

Сүрөт: Финансы министрлиги

Жапониянын өкмөтү Баткен облусунун аймагында табигый кырсыктарга туруктуу жолдорду куруу үчүн 5,3 млн доллар грант берет. Бул тууралуу 23-мартта Финансы министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, «Баткен облусунун жолдорун сала турган жабдууларды жакшыртуу» долбоору жана гранттык макулдашууга Финансы министри Алмаз Бакетаев, Жапониянын Кыргызстандагы элчиси Хидеки Года жана Жапониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин туруктуу өкүлү Кавамото Хироюки кол коюшту.

«Долбоордун негизги максаты — Баткен облусунун аймагында табигый кырсыктарга туруктуу жолдорду куруу жана Борбордук Азия чөлкөмүндө логистиканын коопсуздугун камсыз кылуу», — деп айтылат билдирүүдө.

Министрликтен аталган долбоорду Транспорт жана коммуникациялар министрлиги аткарарын белгилешти.

2022-жылы Баткендеги кыргыз-тажик чек ара жаңжалынан кийин Жапон өкмөтү Баткен облусунун тургундары үчүн 1 млн доллар өлчөмүндө чукул гранттык жардам көрсөтүү чечимин кабыл алган. Бул жардам БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы жана Качкындар боюнча Жогорку Комиссарлыгынын башкармалыгы аркылуу ишке ашырылып жатат.

ТЕМА БОЮНЧА:

Баткенге жардам. Жапония Кыргызстанга 1 миллион доллар грант бөлөт