Депутат Тазабек Икрамов ардагерлер арасындагы Дүйнө чемпионатында күмүш медаль жеңди

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов Грецияда өткөн ардагер балбандар арасындагы Дүйнө чемпионатында грек-рим күрөшү боюнча күмүш медалга ээ болду. Бул тууралуу Дүйнөлүк күрөш уюмунун сайтында жарыяланды.

Маалыматка караганда, Икрамов Иран, Казакстан жана Польшадан келген балбандарды жеңип, финалга чыккан. Ал эми чемпиондук үчүн беттеште швециялык атаандашына жеңилип калган.

Депутат бул боюнча фейбук барагына пост жазып, колдоосу, куттуктоосу үчүн кыргызстандыктарга ыраазычылык билдирди. Ал беттештин жыйынтыгы өзү күткөндөй болбой калганын кошумчалады.

Ардагер балбандарга арналган мелдеш Грециянын Афина шаарында 17-22-октябрь күндөрү өттү.

Депутат 2019-жылы да Грузиянын Тбилиси шаарында өткөн ардагерлер арасындагы Дүйнө биринчилигине катышып, коло медаль тагынган.