Бишкек: Борбордогу «Ожак Кебап» кафесинин кошумча курулушу буздурулду

Бишкектеги Чүй көчөсү менен Шопоков көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан «Ожак Кебап» кафесинин кошумча курулушу буздурулуп жатат. Бул тууралуу 24-октябрда Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, кафенин ээси менен жер тилкесин ижарага алуу келишими Свердлов райондук прокуратурасынын үстүбүздөгү жылдын 8-августундагы буйругу менен бузулган.  

«Ожак Кебап» кафесинин кошумча курулушу мэрдин орун басары Нурдан Орунтаевдин катышуусунда буздурулууда. Иштин жүрүшүндө жеңил конструкциялардан жасалган кошумча курулуш бузулуп, 280 чарчы метрди түзгөн муниципалдык аймак бошотулууда.

«Ожак Кебап» түрк ашканасы 2005-жылы негизделген. Анын негиздөөчүсү Гулина Калиева. Аталган кафенин Бишкекте ондон ашык филиалдары бар. 

Буга чейин, үстүбүздөгү жылдын июль айында президент Садыр Жапаров жерлерди өз билемдик менен басып алуу үчүн жоопкерчиликти күчөтүү жөнүндө мыйзамга кол койгон. 

Кылмыш-жаза кодексине жана Укук бузуулар жөнүндө кодекске бул өзгөртүүөрдү парламент үстүбуздөгү жылдын май айында «жерлерди мыйзамсыз басып алууга жана аларга курлуш курууга жол бербөө максатында» кабыл алган. 

ТЕМА БОЮНЧА: 

«Автобус ишканасы пайдаланат». Мэрия «Дубровский» ресторанынын чарбалык курулуштарын бузат

Бир кадр: Экс-мэр Иса Өмүркулов имаратын демонтаж иштеринен коргоп калууга аракет жасады