Санарип министрлигинде TikTok’ту бөгөттөөдө техникалык кыйынчылыктар пайда болду

Санариптик өнүктүрүү министрлиги Кыргызстандын аймагында TikTok соцтармагын бөгөттөөдө техникалык кыйынчылыктарга туш болду. Бул тууралуу «Азаттык» басылмасы Маданият министрлигинин өкүлү Бектур Ибрагимовго шилтеме жасап жазды.

Ал ведомство соцтармакты бөгөттөө боюнча чечимин өзгөртпөгөнүн айтты.

«TikTok тармагына тыюу салуу жөнүндө чечимибиз күчүндө. Аны санариптик өнүктүрүү министрлиги ишке ашырмак. Бирок техникалык жактан кыйынчылыктар бар. Азырынча иш аягына чыга элек», — деди Ибрагимов.

Ал соцтармактын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөр уланып жатканын кошумчалап, TikTok азырынча кыргыз бийлигинин талаптарын аткара электигин белгиледи.

Азыркы учурда колдонуучулар телефонуна орнотуп жаткан TikTok колдонмолору туура эле иштеп жатат. Бирок браузер аркылуу жеткиликтүү болгон соцтармактын веб-версиясы кээ бир интернет провайдерлер аркылуу иштебей жатат. Мисалы, TikTok’тун веб-версиясы Homeline провайдери аркылуу жеткиликтүү эмес. 

TikTok’ту Кыргызстанда бөгөттөө сунушу

30-августта Маданият министрлиги белгилүү социалдык түйүн TikTok’ту Кыргызстанда бөгөттөөнү көздөп жатканын кабарлаган. Мындай чечимге «TikTok социалдык тармагынын балдардын психикалык өнүгүүсүнө жана ден-соолугуна тийгизген терс жана зыяндуу таасирине байланыштуу тынчсызданган 18 бейөкмөт уюмдун кайрылуусу» негиз болгон.

Бирок кийинчерээк кайрылууга уюмдардын баары кол койбогону белгилүү болгон. Кээ бирлери кайрылууга кол койгонун ырасташып, бирок каттын текстин өздөрү көрбөгөнүн жана TikTok’тун толук бөгөттөлүшүн талап кылууга макул эместигин билдиришкен.

Уюмдардын билдирүүсүндө, өспүрүмдөр TikTok’тон видео көргөндөн кийин аны кайталоого аракет кылып жатышканы, видеолордун айрымдары өмүргө коркунуч туудурары айтылат. Ошондой эле, TikTok’тогу контент психикасы калыптана элек балдардын «көз карандылыгын жаратат жана балдардын эмоционалдык абалына терс таасирин тийгизет» деп айтылган.

Министрлик жүргүзгөн мониторингге ылайык, TikTok’ту колдонууда «балдардын өнүгүүсүнө, ден-соолугуна зыян келтирүүчү маалыматты чектөө жана жаш курактык категорияны көзөмөлдөө функциялары киргизилбей жатканы» аныкталган.

Андан кийин 7-сентябрда Бишкекке TikTok’тун Чыгыш Европа жана Борбордук Азиядагы бийлик органдары менен байланыштар жана корпоративдик маселелер боюнча директору Сергей Соколов келгени белгилүү болгон. Ал Кыргызстандын Маданият министрлигинин соцтармакты бөгөттөө тууралуу чечими компания үчүн күтүүсүз болгонун айткан.

Анда Маданият министрлиги соцтүйүндүн өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын билдирген. Ошондой эле TikTok’тун алдына жаш курактык чектөөлөрдү киргизүү жана платформанын эрежелерин Кыргызстандын мыйзамдарына ылайыкташтыруу боюнча шарттар коюлганы белгиленген.

Үстүбүздөгү жылдын февралында Жогорку Кеңештин трибунасынан депутаттар Шайлообек Атазов менен Таалайбек Масабиров TikTok соцтүйүнү жаштарга «терс таасир берет» деп айтып чыгышкан.

Атазов TikTok’то «жаман нерселер» көрсөтүлүп жатканын айтса, Масабиров видеосервисти «сөзсүз көзөмөлгө алыш керек экенин» белгилеген. Аларга чейин тыюу салууну өткөн жылы депутат Надира Нарматова сунуштаган.

TikTok’тун бөгөттөлүшүнө белгилүү адамдар жана блогерлер каршы чыгышкан.