«Эч кимдин көзүн карабай, жаркырап өнүгөбүз». Президент тууну өзгөртүү демилгесин колдоду 

Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин депутаттарынын мамлекеттик тууну өзгөртүү демилгесин колдоду. 

Анткен менен, өлкө башчысы «Кабар» мамлекеттик агенттигине курган маегинде, парламент депутаттарынын алгачкы сунуштаган варианты ага жеткире иштелип чыкпагандай сезилгенин билдирди.  

«Күн нурлары тикенектей болуп көрүнгөн. Кечээ адистер менен кеңешип, кайра оңдоп чыгышыптыр. Бул вариантында мамлекеттик желегибиздеги күн нурлары эми чындап окшошуптур», — деди ал. 

Мамлекеттик туунун президент сунуштаган варианты. Сүрөт: «Кабар»

Жапаровдун айтымында, «буга чейин эле коомчулукта азыркы туубузду күн карамага окшоштурган, андан улам мамлекетибиз өз алдынча көтөрүлө албай, күн карама абалында болуп келетат деген пикирлер арбын айтылып келген». 

«Ал тургай, өлкөбүзгө расмий иш сапары менен келип, туубузду көрүп, бул өлкөдө күн карама көп өстүрүлөт турбайбы деген ойдо калган чет элдик меймандар дагы болгон», — деди президент. 

Сүрөт: «Кабар»

Анын айтымында, «Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери башкаларга күн карама болуп келди» жана ошондуктан «туубузга түзөтүүлөрдү киргизүүнүн убакыт-сааты келди». Ошондой эле ал мамлекеттик туунун элементтерин өзгөрткөн тажрыйба көп өлкөлөрдө бар экенин белгиледи. 

«Эми ушул вариант кудай буюруп кабыл алынып калса, күн карама болбойбуз. Мындан ары күн бизди карап жылмайып тургандай болот. Кандайдыр бир ырым-жырымды кармангандан алысмын. Бирок туудагы түндүгүбүздөн күн бизге шооласын чачып турган сымал, эми эч кимдин көзүн карабай, өз алдыбызча жаркырап өнүгөбүз деп жакшы ниет кылалы», — деди Жапаров. 

28-сентябрда мамлекеттик тууга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштаган мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган. Анын демилгечилери — төрага Нурланбек Шакиев жана депутат Улан Примов — туудагы күн нурларынын формасын өзгөртүүнү сунуштап жатышат. Алар  «түндүк менен күн нурунун көрүнүшүндө диллема пайда болуп жатканын» айтып, «түрдүү чечмелөө бар, сүрөттөлүшү күн карамынын гүлүнө же болбосо боз үйдүн тышкы бетине окшош сыяктуу» деп белгилешкен.

Кийин Шакиев азыркы туунун авторлору Бекбосун Жайчыбеков жана Жусуп Матаевдер менен жолуккан. Жолугушууда Жайчыбеков «баштапкы вариантын кайрадан карап чыгып, концепциясын сактоо менен айрым элементтерине тактоо киргизүүгө байланышкан өзгөртүүлөрдү киргизүүгө каршы эместигин» билдирген. Алар «туунун элементтерине тактоо киргизүү маселесин биргелешип кароо менен так вариантын алып келүүнү» убадалашкан. 

Бирок тууну өзгөртүүгө айрым депутаттар каршы чыгышты. Парламенттин 25-октябрдагы жыйынында эл өкүлү мирлан Самыйкожо тууга өзгөртүүнүн кереги жок деп билдирди.

«Эгер биз [күндүн нурларын] арбайтып-тарбайтып коё турган болсок, анда “лопух” болуп калат. Эгер биз дагы бир жаза тайып, башка иштерибиз кокодон болуп турганда, туубуз менен алектене турган болсок, эртең эшиктеги эл бизди кечирбейт», — деп айткан Самыйкожо.

Ал тууну өзгөртүүнүн ордуна башка маанилүү маселелер менен алек болууну сунуштаган. 

Ал арада соцтармакта айрым кыргызстандыктар #желектиөзгөртпөгүлө деген флешмоб башталып, депутаттарды мамлекеттик символдорду жайына коюуга чакырып жатышат.