Камчыбек Ташиев мамлекеттик байракты өзгөртүү демилгесин колдоду

УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин депутаттарынын мамлекеттик тууну өзгөртүү боюнча демилгесин колдоорун билдирди. Бул тууралуу ал өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына учурдагы желектин жана күн караманын сүрөтүн, жанына президент сунуштаган жаны туунун сүрөтүн жана күндүн сүрөтүн коюп жазды

«Эки күндөн бери туубузду өзгөртсөк болобу же болбойбу деп талкуулап жатасыздар,менин пикирим боюнча өзгөртүшүбүз керек! Туубузга карап түздөнөбүз, урматтайбыз, мамлекетибизди туу аркылуу таанышат. Демек күн карама болбостон тике тийген, күндө жаркыраган белги берилиш керек. Мен мамлекетибиздин туусун өзгөртүүнү колдойм. Кундун нурундай жаркыраган туубуздун алдында бир муштумдай бирдиктүү бололу!» — деп белгиледи Ташиев. 

Президент сунуш кылган мамлекеттик желектин варианты. 

Ташиев мамлекеттик тууну өзгөртүүнү президент Садыр Жапаров колдогондон кийин пост жазды. Мамлекет башчысы жана УКМК төрагасы 26-октябрда Жалал-Абад шаарынын күнүн майрамдоого катышты.  

Ал арада соцтармакта айрым кыргызстандыктар #желектиөзгөртпөгүлө деген флешмоб башталып, депутаттарды мамлекеттик символдорду жайына коюуга чакырып жатышат.