Ош облусундагы Ноокат шаарынын мэри Таалайбек Тезекбаев өз каалоосу менен кызматтан кетти. Маалыматты «Клоопко» 27-октябрда Ноокат районунун акими Данияр Иманалиев тастыктады.
Тезекбаев кызматтан бошотуу тууралуу арызын 23-октябрда жазган. Буйрукка 25-октябрда кол коюлду.
Буга чейинки мэр Улан Турганбаев 18-апрелде өз арызы менен кызматтан кетип, ордуна Тезекбаев дайындалган. Тезекбаев ага чейин Кара-Суу районунун Шарк айыл өкмөтүнүн башчысы болуп иштеген.
ТЕМА БОЮНЧА:
Талас, Каракол, Токмок, Ноокат жана Кара-Суу шаарларына жаңы мэр дайындалды
Ноокат шаарынын мэри Улан Турганбаев өз каалоосу менен кызматтан кетти