Талас, Каракол, Токмок, Ноокат жана Кара-Суу шаарларына жаңы мэр дайындалды

Өлкөдөгү беш шаарга жаңы мэр дайындалды. Талас шаарына Эрмат Жумаев, Караколго Чынгыз Бапаев, Токмокко Максат Нусувалиев, Ноокатка Таалайбек Тезекбаев жана Кара-Сууга Арстанбек Жолдошов мэр болду.

Талас шаарынын экс-мэри Аскар Шабданов башка ишке өткөнүнө байланыштуу ишин тапшырып, ордуна Эрмат Жумаев келди. Ал буга чейин Каракол шаарынын башчысы болгон.

Өлкө башчысынын буйругу менен Каракол шаарына Чингиз Бапаев мэр болду. Ал 2021-жылдын июль айынан тарта шаардын вице-мэрлик кызматын аркалап келген.

Ал эми Токмоктун коррупцияга айыпталган мурдагы мэри Урмат Самаев өзү жазган арыздын негизинде кызматтан бошотулду. Анын ордуна президенттин буйругу менен Максат Нусувалиев шаар башчысы болду. Нусувалиев буга чейин Бишкек мэриясына караштуу транспорт башкармалыгын жетектеген.

Урмат Самаев коррупцияга айыпталып өткөн айда кармалган. Кийин күнөөсүн мойнуна алып, 25 миллион сом компенсация төлөп берип, абактан үй камагына чыгарылганы кабарланган.

Кара-Суу районунун акими Жакыпбек Субагожоевдин буйругу менен шаардын мэри болуп Арстанбек Жолдошов дайындалды. Ал буга чейин Ош облустук жаштар иштери, дене тарбия жана спорт башкармалыгынын жетекчиси болгон.

Ал эми Ноокат шаарына жаңы мэр болуп Таалайбек Тезекбаев келди. Буга чейинки жетекчи Улан Турганбаев өз арызы менен кызматтан кеткен.

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев «Клоопко» кадрдык дайындоолорду «Садыр Жапаровдун кадрдык ротация боюнча саясатынын уландысы» деп түшүндүрдү.