Ноокат шаарынын мэри Улан Турганбаев өз каалоосу менен кызматтан кетти

Ноокат шаарынын мэри Улан Турганбаев ден соолугуна байланыштуу өз каалоосу менен кызматтан кетти. Бул тууралуу 18-апрелде «Клоопко» Ноокат райондук администрациясынан билдиришти.

Турганбаев Ноокат шаар башчылыгына 2022-жылы 3-февралда дайындалган. Ал «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен шектелип кармалган Жоомарт Нурдиновдун ордуна келген.

Турганбаев мэрлик кызматка дайындалганга чейин Тоң районуна караштуу Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн башчысы болуп иштеген.

Ал Жалал-Абад облусунун экс-прокурору Айбек Турганбаевдин бир тууган агасы экени белгилүү.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ноокат шаарына дээрлик төрт айдан кийин жаңы мэр дайындалды