УКМК KG Group курулуш компаниясынын ээси Имамидин Ташовду кармады 

УКМК 27-октябрда KG Group курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташов кармалганын билдирди. Ал Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.  

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, Ташовдун компаниясы 280 орунду бала бакча салынат деп алган муниципалдык жерге үй курган. Коопсуздук комитетинен билдиришкендей, «Бишкек башкы архитектура» жана «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин жооптуу жана кызмат адамдары «мыйзамсыз киреше алуу максатында» курулуш компаниянын жетекчилиги менен өз ара келишип алышкан.   

«Бул адамдар белгиленген максатты бузуу менен архитектуралык-пландоо шарттарын иштеп чыгышып, жана инженердик-техникалык шарттарды жер астындагы унаа токтоочу жайлары бар 12 кабаттуу турак жайдын курулушуна карап, техникалык паспорт берүү жана тиешелүү документтерди тариздөө жол-жоболорун жүргүзгөн.  Белгиленген мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында курулуш компания мыйзамсыз түрдө 2 көп кабаттуу үй куруп, аны сатып жиберишип, Бишкек шаарынын жакынкы райондорунун жашоочулары шаарда жетишсиз болгон бала бакчадан ажыратылган», — деп айтылат УКМКнын маалыматында. 

 

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, анын кесепетинен мамлекетке 52 млн сом зыян келтирилген. Азырынча аны компания кайтарып бере элек. 

УКМК кылмыштарга тиешеси бар башка кызмат адамдарын жана башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө иштерин жүргүзүп жатат.