Элчилер: АКШ жана Британ мыйзамдарын Кыргызстандын «чет элдик тыңчысы» менен салыштырбаш керек

АКШнын жана Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчилери Лессли Вигери менен Николас Боулер Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан сунушталып жаткан «чет элдик тыңчы» жөнүндө мыйзам долбоору алардын өлкөлөрүндө колдонулуп жаткан мыйзамдар менен салыштырылып жатканына комментарий беришти.

Вигери AKIpress’ке курган маегинде аталган мыйзам долбоорун АКШнын FARA мыйзамы менен салыштырган президенттин администрациясынын Укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Мурат Укушовдун айткандарын мисал келтирди.

Дипломат бул «жалпы түшүнбөстүк» деп жооп берди. Вигеринин айтымында, ал айрым адамдар кыргыз парламенти карап жаткан мыйзам долбоорлорунун айрымдары менен АКШнын FARA мыйзамынын ортосунда «жалган параллелдерди» келтирген көптөгөн учурларды көргөн.

«Менимче, бул салыштыруулар эч кандай мааниге ээ эмес, анткени алар мыйзамдын иш жүзүндө колдонулушу жөнүндө так эмес же толук эмес маалыматтарга негизделген. Бул кадыресе көрүнүш – мен элдин баары эле АКШнын мыйзамдары боюнча адис болот деп күтпөйм. Бирок мен бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, так маалымат берип, бир нече туура эмес түшүнүктөрдү жокко чыгаргым келет», — деди ал.  

Вигери белгилегендей, FARA мыйзамына ылайык, ар бир уюм сырткы кийлигишүүсүз өз ишин жүргүзө алат, болгону ал бул жөнүндө АКШ өкмөтүнө кабар берип коюшу керек. Элчи FARA АКШ өкмөтүнө мекеменин ишин жөнгө салууга, анын жыйындарына катышууга же уюм өзүнүн уставына ылайык иш алып барып жатканын аныктоого уруксат бербесин дагы кошумчалады.

Мындан тышкары, Вигери белгилегендей, FARA мыйзамына ылайык, чет элдик булактан каржы алуу уюмду автоматтык түрдө «чет элдик агент» кылбайт.

«Жогорку Кеңеш карап жаткан мыйзам долбоорунан канчалык чоң айырмасы бар экени жагынан алганда эң маанилүүсү, FARA АКШ өкмөтүнө бейөкмөт уюмдардын ички иш-аракеттерине аралашууга уруксат бербейт, ошондой эле FARA бейөкмөт уюмдар менен чектелбейт же аларга атайын каршы багытталган эмес. Чындыгында, бейөкмөт уюмдар жана маалымат каражаттары FARAнын “чет элдик агент” деген аныктамасына сейрек туш болушат», — деп кошумчалады ал.

Депутаттардын салыштыруусуна Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Николас Боулер дагы таң калды. Ал 30-октябрдагы басма сөз жыйында Улуу Британиянын мыйзамынын мазмунун Жогорку Кеңештин депутаттары сунуштаган мыйзам долбоорунун мазмуну менен салыштырганга болбосун айтты.

Боулер Улуу Британияда коммерциялык эмес уюмдарды чет элден каржы алганы үчүн эле эч ким чет элдик тыңчы катары каттоодон өтүүгө мажбур кылбасын белгиледи.

«Чет элдик тыңчы» жөнүндө мыйзам долбоору

Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө мыйзамга жана Жазык кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштаган «чет элдик тыңчы» делген мыйзамдын долбоору Жогорку Кеңешке 2023-жылдын майында түшкөн. Бул документ аркылуу 30дан ашык депутаттан турган топ Кыргызстанда Орусиянын «чет элдик тыңчы» деген аныктамасынын бир түрүн, ошондой эле коммерциялык эмес, бейөкмөт уюмдар жана алардын кызматкерлеринин тигил же бул бузуулары үчүн жоопкерчиликти күчөткөн ченемдерди киргизүүнү каалап жатышат.
 
Документке ылайык, чет өлкөдөн каржыланган жана саясий ишмердүүлүк кылган коммерциялык эмес уюмдар «чет элдик өкүлдөр» деп таанылат. Андай коммерциялык эмес уюмдар кошумча отчётторду берүүгө жана пландан тышкаркы текшерүүлөргө дуушар болушу ыктымал.

Ошондой эле мыйзам долбоорунда Жазык кодексине «Жарандардын инсандыгына жана укуктарына кол салуучу коммерциялык эмес уюмду түзүү» деп аталган 200-1-беренени да киргизүү сунушталууда. Ал боюнча 50 миң сомдон 100 миң сомго чейинки же беш жылга чейин эркинен ажыраткан жаза каралган. Ал мындай юумдун ишине активдүү катышуу же аны пропагандалоо үчүн 10 жылга кесүү менен жазалоо сунушталууда.

Мыйзам долбоорунун негизги демилгечиси — депутат Надира Нарматова — мындай демилге сөз эркиндиги менен демократияга эч кандай коркунуч алып келбей турганын, ошондой эле коммерциялык эмес уюмдардын ишмердигин чектебейт деп билдирген. Анын айтымында, учурдагы коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү мыйзам муктаждыкты жаба албай жатат жана «мамлекеттин кызчыкчылыгы, коопсуздугу жана бүтүндүгү үчүн» коммерциялык эмес уюмдарга карата көзөмөлдү күчөтүү керек. 

Орусияда ушундай эле мыйзам күчүнө кирип, иштеп баштагандан кийин көптөгөн укук коргоочу уюмдар менен көз карандысыз ЖМК жабылган. Эксперттер эгер түзөтүүлөр кабыл алынса Кыргызстанда дагы ушундай эле кеспеттер болот деп чочулашууда.

Мыйзам долбооруна сындар айтылып жаткан шартта демилгечи топтун курамындагы бир топ депутат демилгечилердин катарынан чыгып кеткен. Нарматова болсо, сындарга карабастан документти чакыртып албасын билдирген.

25-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары мыйзам долбоорун биринчи окууда талкуусуз кабыл алышты