Кадрдык өзгөрүү: Бишкекке ̶э̶с̶к̶и̶ жаңы мэр келди, президенттин басма сөз катчысы элчи болуп дайындалды  

Аскат Алагөзов жана Эрбол Султанбаев

31-октябрь күнү кечке маал президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Кыргызстандын Белорустагы ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалганы маалым болду. Ал эми анын ордуна өлкө башчынын басма сөз катчылыгына Аскат Алагөзов дайындалды

Президенттин администрациясынан тиешелүү буйруктарга Садыр Жапаров 31-октябрда кол койгонун билдиришти. 

Султанбаев 2021-жылдын май айында президенттин басма сөз катчысы болуп дайындалган болчу. Ал бул кызматка Галина Байтеректин ордуна келген. 

Ал эми журналист Аскат Алагөзов буга чейин «Пирамида» каналынын директору болгон. Андан тышкары «5-каналда» продюсер болуп иштеген. 

Андан тышкары Садыр Жапаров кол койгон дагы бир жарлыкка ылайык Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулду.

Абдыкадыровдун ордуна борбор калааны Айбек Жунушалиев жетектемей болду. Тиешелүү буйрукка президент кол койду

Жунушалиев 2021-жылдын август айынан 2022-жылдын февралына чейин Бишкектин мэри болуп иштеген. Кийин президенттик администрациянын президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин аткарууну көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалган.