Алдамчылыкка шектелип кармалган Токтобүбү Оргалча үй камагына чыкты

Токтобүбү Оргалча

Бишкек шаардык соту алдамчылыкка шектелип кармалган ишкер Токтобүбү Оргалча үй камагына чыкканын «Клоопко» 1-ноябрда билдирди. Анткен менен, Оргалча качан кармалганы белгисиз.

Маалыматка ылайык, Токтобүбү Оргалча «Алдамчылыкка» айыпталып жатат. Үстүбүздөгү жылы 25-октябрда борбор калаанын Свердлов райондук соту Бишкек ШИИБнин тергөөчүсүнүн өтүнүчүн канааттандырып, ишкерди 23-ноябрга чейин үй камагына чыгарган.

Укук коргоо органдары ишкердин кармалышы боюнча азырынча комментарий бере элек.

Токтобүбү Оргалча ким? 

Токтобүбү Оргалча — этникалык кыргыз. 1972-жылы Кызылсуу-Кыргыз автономиялуу облусунда (КЭР) туулган. Жүргүнчүлөрдү ташуу менен алектенген «Шыдыр Жол Кей Джи» компаниясынын негиздөөчүсү болгон.

Буга чейин аталган компаниянын ысымы маалымат каражаттарында бир канча жолу аталган. Мисалы, 2020-жылдын октябрында журналисттер бул компаниянын автобустары ошол кезде бийлик үчүн активдүү күрөшкөн Садыр Жапаровдун тарапташтарын ташып баратканын байкашкан.

Ал эми 2021-жылдын июнь айында Бишкектеги маршруткалар иш таштаган учурда Айгүл Жапаровага таандык «Үмүт булагы» коомдук фонду 20 автобусту жалдап, шаардыктарды бекер ташыган. Аталган автобустар «Шыдыр Жол Кей Джи» компаниясына таандык болуп чыккан.

Анткен менен «Шыдыр Жол Кей Джинин» өкүлү Нургазы Балтабаев алар автобустар үчүн ижара акысын алышпаганын, «Үмүт булагы» болгону 60 литрден күйүүчү май куюп бергенин билдирген. Kaktus.media басылмасы «Айгүл Жапарова менен Токтобүбү Оргалча кайрымдуулук иштеринде кызматташып эле тим болбостон, достошуп да жүрүшкөнүн» жазып чыккан

Бирок ошол кездеги президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев биринчи айым «Оргалча менен тааныш эместигин жана жалпы байланышы жок экенин» билдирген.

Токтобүбү Оргалча 2021-жылы Жогорку Кеңештин депутаттыгына да ат салышкан. Ал парламентке «Альянс» партиясынын тизмесинде өткөн. Бирок шайлоонун жыйынтыгы чыга электе Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү гендердик квотаны сактоо боюнча жобону өзгөртүшкөн. Ага ылайык, үч мандат алган партияларда бир аял эл өкүлү болушу шарт, ал эми жети мандат болсо үч гендердик квота болушу керек.

«Альянстын» тизмесинде жетинчи орунда турган Жанар Акаев БШКнын «30%дык гендердик квота» боюнча жобого өзгөртүүлөрдү киргизгенге чейин дагы мандат алган. Бирок БШКнын өзгөртүүлөрүнөн соң анын мандаты «Альянстагы» добуштардын саны боюнча үчүнчү аял болгон Токтобүбү Оргалчага өткөн.

Кийин партия сотко кайрылган жана жеңип чыккан, ал эми Токтобүбү Оргалча депутаттык мандаттан кур-жалак калган.