Каржы министрлиги: Бала бакчаларда балдардын тамак-ашын ата-энелер каржылайт

Материал саат 16:50дө жаңыртылды. Мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Нурзида Касымованын комментарийи кошулду.

1-ноябрда соцтүйүндөрдө мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде балдардын тамак ашын мындан ары ата-энелер каржылай турганы боюнча маалымат тарады. Маалыматтын булагы катары каржы министринин орун басары Жибек Дүйшөева кол койгон документ көрсөтүлгөн.

Президенттин администрациясына даректелген катта 2023-жылдын августунда кабыл алынган «Билим берүү жөнүндөгү» жаңы мыйзамга ылайык, бала бакчаларда тамак-аш ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) эсебинен уюштурулары айтылган.

«Ушуга байланыштуу министрликтерге жана ведомстволорго мектепке чейинки билим берүү уюмдарында балдар үчүн тамак-аш беренеси боюнча чыгымдарды каржылоону токтотуп туруу тапшырмасын берүүнү суранабыз», — деп айтылат документте.

Каржы министрлинин каты. Сүрөт: Koroche_kg телеграм каналы

Каржы министрлиги документ анык экенин тастыктап, «Билим берүү жөнүндө» мыйзамдын 28-беренесинин 6-пунктунда «Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында тамактанууну уюштуруу ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат» деп айтылганын эске салышты.
   
Мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Нурзида Касымованын айтымында, жаңы ченем күчүнө кире элек, ошондуктан мамлекет азырынча бала бакчада балдардын тамак-ашынын жарымын төлөп жатат. Билим берүү министрлиги Министрлек кабинетинин тийиштүү токтомун күтүп жатат.

«Ооба, августта жаңы мыйзам кабыл алынган, ага ылайык, тамак-ашты толугу менен ата-энелер төлөйт. Бирок ошол эле мыйзамдын башка беренесинде жыл ичинде мыйзамдын ченемдерине тиешелүү мыйзам актылары иштелип чыгып, кабыл алынышы керектиги көрсөтүлгөн. Азырынча ал актылар иштелип чыга элек. Ошондуктан азыр бардыгы мурдагыдай эле калып жатат, ата-энелер тамактын жарымын төлөп жатышат, калган жарымы жергиликтүү бийлик органдарынын бюджетинен каржыланып жатат», — деди Касымова «Азаттыка» курган маегинде.

Мурда республиканын мектепке чейинки билим берүү уюмдарында төлөшүү принциби иштеп турган: 50%ын жергиликтүү бийлик органдары, калган 50%ын — ата-энелер төлөшчү.

Колдонуудагы «Билим берүү жөнүндө» мыйзамда билим берүү уюмдарында тамак-ашты каржылоо булактары болуп ата-энелерден сырткары төмөнкүлөр эсептелери көрсөтүлгөн:

  • республикалык бюджеттин каражаттары;
  • жергиликтүү бюджеттин каражаттары;
  • жеке жана юридикалык жактардын ыктыярдуу салган каражаттары;
  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактар.

2022-жылдын аягында Кыргызстанда мектепке чейинки билим берүү менен балдардын болгону 24%ы камтылганы маалымдалган. Өлкө боюнча 1 712 бала бакча иштейт, аларга 200 миңге чукул бала барат. Ошол эле кезде, Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, кошумча дагы 2,5 миңден ашык бала бакча керек.

Бийликтин балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну 2026-жылга чейин эки эсе көбөйтүү ниети бар. Бул максат президенттин жарлыгы менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасына киргизилген.