Садыр Жапаров элди Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү менен куттуктады. Анын кайрылуусун президенттин администрациясынын басма сөз кызматы жарыялады.

«Биз 7-8-ноябрды Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү катары расмий белгилеп келебиз. Өтмүшү менен маани-маңызы миңдеген жылдарга барып такалган бул эскерүү күндөрү кыргыз элинин ондогон кылымдарды карыткан тарыхындагы тагдыр чечер өтө орчундуу учурлардан, кыл чайнашкан далай кыйын кыйчалыш кырдаалдардан өтүп, бүгүнкү көз карандысыз мамлекет катары өз алдынча өнүгүү жолуна түшкөн мезгилине чейинки окуяларды камтыйт», — деди Жапаров.

Президент республиканын азыркы эгемендиги ата-бабалардын доорлордон бери эңсеген тилеги болгонун жана далай кыргын-талоон согуштарга карабай, кыргыз өз жүзүн, эне тилин, нарк-насилин жана даңазалуу тарыхын сактап келе жатканын эскерди. 

«Бүгүнкү мамлекетибизди Абдыкерим Сыдыков, Иманалы Айдарбеков, Жусуп Абдыракманов, Абдыкадыр Орозбеков, Ишеналы Арабаев, Касым Тыныстанов, Баялы Исакеев, Төрөкул Айтматов өңдүү интеллигенциябыздын өкүлдөрү түптөп кеткенин эч качан эсибизден чыгарбайбыз. Тилекке каршы, кайран кишилер кандуу репрессиянын курмандыгы болушкан. Ошондон улам, 7-ноябрь дал ушул саясий репрессиянын курмандыктарын эскерүү күнү катары белгиленип келет», — деп белгиледи Жапаров.

Ошондой эле президент «Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилөө жөнүндө» жарлыкка кол койгонун да белгиледи. Маараке мамлекеттик деңгээлде 2024-жылы белгиленет.

Тарых жана ата-баларды эскерүү күндөрү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин демилгеси менен негизделип, белгилене баштаган. Ал өз чечимин Кыргызстан «1917-жылдагы Февраль жана Октябрь революциялары менен 1916-жылдагы кайгылуу окуяларга, тарыхый калыс баа бериши» керек деп түшүндүргөн.

Алмазбек Атамбаевдин пикиринде, 1916-жылдагы улуттук боштондук көтөрүлүшү жана анын арты менен болгон Октябрь революциясы — бул Кыргызстандын тарыхы үчүн кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө түрткү болгон эки маанилүү окуя.