Нарын: Банкоматка кезекте турган 31 жаштагы эркек 20 жаштагы кызды сабады, териштирүү башталды

14-ноябрда социалдык түйүндөрдө эркек киши кызды сабап салган видео тарады. Окуя Нарын шаарындагы соодо борборлордун биринде банкоматтагы кезектен улам болгону айтылат.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от BespredelKG (@bespredelkg30)

Видеодон киши кезекте турган кызды кулата чаап, андан кийин да окуя болгон жердеги аялдардын каршылыгына карабай кызды кууп сабаганын көрүүгө болот.

Нарын шаардык милициясынан «Клоопко» учурда жабырлануучуга карата соттук-медициналык экспертиза дайындалып, толук кандуу териштирүү иштери жүрүп жатканын айтышты. Ал эми шектүү Нарын районундагы Орто-Нура айылынын 31 жаштагы тургуну экени аныкталды.

«Кол салуу боюнча “Бейбаштык” беренеси менен кылмыш иши козголду, тергөө уланууда. Анын жыйынтыгында юридикалык баа берилет», — дешти милициядан.

Дүйнөдөгү аялдардын бакубаттыгы жана коопсуздугу боюнча глобалдык индексте (WPS Index) Кыргызстан учурда 177 өлкөнүн арасынан 95-орунду ээлейт.

2021-жылы да Кыргызстан ушул эле WPS индексинде 97-катарга жайгашып, Борбор Азияда аялдар үчүн эң кооптуу өлкө болгон.