Ош: «Коён» каймана аттуу Майрамбек Низамов дагы эки кылмышка шектелип кармалды

Ош шаарында буга чейин төрт жолу соттолгон 28 жаштагы «Коён» каймана аттуу Майрамбек Низамов дагы эки кылмышка шектелип кармалды. Бул тууралуу «Клоопко» 15-ноябрда Ош ШИИБден билдиришти.

Маалыматка ылайык, кылмышка шектүү 18-октябрда 28 жаштагы тургундун 27 миң АКШ долларына бааланган Lexus ES үлгүсүндөгү унаасын алып, акчасын 31-октябрда берүүнү убадалаган. Бирок акчасын бербей, ар кандай шылтоолорду айтып жүргөн.

Тергөөнүн жүрүшүндө Низамов унааны 28-октябрда эле 25 миң долларга сатып, акчасын өз кызыкчылыгына сарптап жибергени аныкталып, ага «Алдамчылык» беренесинин негизинде кылмыш иши козголду.

Ал эми экинчи арыз Ош шаарынын Кара-Суу районунун 29 жаштагы тургунунан келип түшкөн. Анда жабырлануучу Kia Sorento үлгүсүндөгү эки унаасын алармандар октябрда 45 миң АКШ долларга баалап алышып, акчасын төлөгөнгө чейин 60 даана iPhone 14 жана 15 үлгүсүндөгү телефон таштап кеткен. 

Бирок алармандар акчаны белгиленген мөөнөттө төлөп бербегенине байланыштуу унаа ээси телефондордун кутусун ачканда, алардын ар биринде кебезге оролгон үчтөн болт салынганын көргөн. 

Аталган кылмыш ишке шектүү катары 21 жаштагы аял кармалган. Аны менен катар, буга Майрамбек Низамовдун жана башка бир нече адамдын тиешеси бар экени аныкталган. Учурда териштирүү иштери уланып жатат.

Низамов үстүбүздөгү жылы эле укук коргоо кызматкерлери тарабынан бир нече жолу кармалып, соттор тарабынан үй камагына чыгарылган. Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү 2015-жылдан бери 4 жолу соттолгон. 

Үстүбүздөгү жылы 13-январга караган түнү Ош шаарында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү өлтүрүлүп, ал эми маркумдун өзгөчө бут органдары каттуу жабыркаган 28 жаштагы шериги — Майрамбек Низамов оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түшкөн болчу

Кийинчерээк, 22-июлда Ош шаарынын 22 жаштагы тургунун бычактап, бирок 29-августта эки тарап «өз ара ынтымак-достук келишимине келгенине» байланыштуу кылмыш иши жабылган

ТЕМА БОЮНЧА:

Ошто «Коён» каймана аттуу Майрамбек Низамов адам бычактоого шектелип кармалды

Ош: Адам бычактоого шектелип кармалган «Коён» каймана аттуу Майрамбек Низамов бошотулду