Ош: Адам бычактоого шектелип кармалган «Коён» каймана аттуу Майрамбек Низамов бошотулду

Бассейндеги эс алуучуга бычак саюуга шектелген «Коён» каймана аттуу уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Майрамбек Низамов бошотулду. Бул тууралуу «Клоопко» 5-сентябрда Ош облустук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, 29-августта эки тарап «өз ара ынтымак-достук келишимине келгенине» байланыштуу кылмыш иши жабылган.

Майрамбек Низамов. Сүрөт: Ош ШИИБ

Буга чейин шектүүгө «бейбаштык» беренеси боюнча айып тагылган.

Окуя 22-июлда саат 21:30 чамасында катталган. Анда Ош шаарынын 22 жаштагы тургуну денесинен жараат алган абалда ооруканага түшкөн. Жабырлануучу «бассейнде эс алып жатып, пикир келишпестиктин айынан шектүү менен тартыша кетишкенин, анда шектүү бел жагына бычак сайып из жашырып кеткенин» айткан. 

Кийинчерээк Ош шаарынын аймагында бекинип жүргөн Кара-Суу районунда туулган, Ош шаарында убактылуу жашап жүргөн 28 жаштагы Майрамбек Низамов кармалган

Шектүү мурда бир нече жолу соттолуп, кылмыш чөйрөсүнүн идеяларын колдогону жана кылмыш чөйрөсүндө «Коён» деген каймана ат менен белгилүү экени аныкталган.

Үстүбүздөгү жылы 13-январга караган түнү Ош шаарында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү өлтүрүлүп, ал эми маркумдун өзгөчө бут органдары каттуу жабыркаган 28 жаштагы шериги — Майрамбек Низамов оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түшкөн болчу

ИИМдин маалыматына ылайык, Низамов мурда «Опузалап талап кылуу», «Денеге анча эмес оор залал келтирүү», «Тоноо» жана «Ээнбаштык» фактылары менен жоопко тартылган.

Автору: Назайым Тилевалдыева

ТЕМА БОЮНЧА:

Ошто «Коён» каймана аттуу Майрамбек Низамов адам бычактоого шектелип кармалды