Ташиев УКМКнын кезектеги дагы бир имаратын ачты

17-ноябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы Камчыбек Ташиев УКМКнын дагы бир бөлүмүнүн жаңы имаратын ачты. Бул тууралуу атайын кызматтын пресс-борбору билдирди. 

УКМКнын жаңы имаратын Ташиев Чүй облусунун Панфилов районундагы Кайыңды шаарында ачты.

«Жаңы имарат бардык заманбап талаптарга жооп берет жана улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин натыйжалуу ишин уюштуруу үчүн керектүү жабдуулар менен камсыздалган», — деп айтылат УКМКнын маалыматында. 

УКМКнын бөлүмдөрүнүн жаңы имараттары өлкө боюнча 2021-жылдын сентябрынан бери ачылып келет.