Өзгөндүн мэри 9-декабрга чейин камакта калды

16-ноябрда Ош шаардык соту Өзгөндүн мэри Дамир Моңолдоровдун тергөө изоляторундагы мөөнөтүн узартты. Ал 9-декабрга чейин камакта болот.  

Соттун маалыматында Моңолдоровго «Өмүргө жана ден-соолукка коркунучтуу зомбулук көрсөтөм деп коркутуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголгону айтылууда. Ошондой эле ал маркум Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобу менен байланышы бар болгон деп шектелүүдө. 

Өзгөн шаарынын мэри кармалганы 15-ноябрда белгилүү болгон. УКМКнын версиясы боюнча, чиновник «жеке кызыкчылыгын көздөгөн максаттарына жетүү үчүн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүн такай пайдаланып, өзүнө жакпаган адамдарды коркутуп келген».

«Тактап айтканда, кылмыш дүйнөсүнүн айрым өкүлдөрү күч колдонуу коркунучу астында жарандык активисттен Өзгөн шаарынын мэринин ишин сындоону токтотууну жана массалык маалымат каражаттарында чагылдырбоону талап кылып, антпесе ден соолукка олуттуу зыян келтиребиз деп коркутушканы аныкталды», — деп айтылган УКМКнын билдирүүсүндө.