Кыргызстандык Мыктыбек Оролбай уулу UFC’деги алгачкы беттешин жеңди

Кыргыз мушкери Мыктыбек Оролбай уулу UFC уюмундагы алгачкы беттешинде сербиялык Урош Медичти жеңди. Беттеш 19-ноябрга караган түнү АКШнын Лас-Вегас шаарында UFC Fight Night 232 турниринин алкагында өттү.

Оролбай уулу 77 килограмм салмакта күч сынашып, экинчи раундда атаандашын муунтуу ыкмасы менен утуп алды.

Турнирдин башында Медич менен америкалык мушкер күч сынашары айтылган. Бирок белгисиз себептерден улам атаандашы беттешке чыкпай, анын ордуна кыргыз мушкери беттешүүгө макул болгон.

Оролбай уулу дүйнөдөгү эң белгилүү деп саналган UFC уюму менен азырынча жалпы төрт беттешке келишим түзгөн.

Аталган уюмда кыргызстандык эже-сиңдилер Антонина менен Валентина Шевченколор мушташып келет. Валентина Шевченко аялдар арасындагы эң жеңил салмакта бир нече жолу чемпион болгон.