«Кызыкдар тараптардын саясаты». Орунбеков аялдарга карата зомбулукту талкуулагандарды сындады

Дайырбек Орунбеков

Президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков аялдарга карата зомбулукту талкуулаган көрүнүштөрдү «кызыкдар тараптардын саясаты» деп атады. Бул тууралуу ал 20-ноябрда фейсбук барагына жазды.

Орунбеков өлкөдө «аялдарга карата зордук-зомбулук күчөгөнү тууралуу пикирин таңуулагандар байкалып жатканын» белгилеп, коомдо аялдарга зордук-зомбулук барбы же жокпу деген суроого «далилдерди» келтирди.

«Кыргызстанда ар бир эркек тапкан акчасын аялына алып келет, акчаны аялдар кармайт, биз кайра аялыбыздан сурайбыз. Мамкызматта иштеген эркектердин көпчүлүгүнүн айлык маянасы түшкөн картасы аялында. Үйдө эркектер башкарат, бирок аялдардын кеңешин угабыз. 

Ар бир ата — уулдарына караганда кызын көп эркелетип, көп көңүл бурат. Бейиш эненин таман алдында деп, апаларыбызды өтө бийик коёбуз. Урушту аялдар баштаса дагы — эркектер күнөөлүү болуп, кечирим сурайбыз. Демек, кыргыздар аялзатын сыйлайт, урматтайт, аздектейт, сүйөт, аяр мамиле кылат», — деди ал.

Орунбековдун пикиринде, Кыргызстанда аялдарга «аздек мамиле жасалат жана алардын укуктары эч качан чектелген эмес». Ал эми аларга карата жасалган кылмыштар «өтө сейрек, миңден бир кездешерин» айтты.

«Аялы сабалып, кордолгон учурлар катталууда. Мындай окуялар Кыргызстандагы жалпы эркек менен аялдын ортосундагы мамиленин көрсөткүчү жана символу эмес. Ушундай терс көрүнүштөрдү улам кайталап, талкууга алып чыгып, аны жалпы статистика катары таанытуу — кызыкдар тараптардын гана саясаты деп белгилегим келет», — деп билдирди Орунбеков.

Кыргызстанда аялдарга карата зордук-зомбулук

Анткен менен быйыл Кыргызстан дүйнөдөгү аялдардын бакубаттыгы жана коопсуздугу боюнча глобалдык индексте (WPS Index) 177 өлкөнүн арасынан 95-орунду ээледи.

Өлкөдө кыздарды никеге туруу үчүн мажбурлап ала качышат, зордукташат жана өлтүрүшөт. Кыз-келиндер күйөөсүнүн, бирге жашаган адамынын, мурдагы күйөөсүнүн жана тааныш болуп жүргөн эркектердин колунан каза тапкан окуялар жыл сайын ондоп катталат. Эл аралык тажрыйбада бул фемицид деп аталат.

Мындай кадамга эркектер кыз-келиндерди жек көргөндүктөн, гендердик басмырлоонун натыйжасында жана/же мамлекет гендердик зордук-зомбулукка билип туруп көз жумуп койгон учурларда барышат.

Фемицид эркек аялдан жогору турат деген идеядан келип чыгат, мисалы, аял кишини өз менчиги катары көрүүдөн улам пайда болот. Көбүнчө, фемицид стереотип болуп калган гендердик ролдорго баш ийдирүүгө мажбурлоодо — эркек кандай десе аял өзүн ошондой алып жүрүшү керек, ошондой кийиниши керек дегенден келип чыгат.

ТЕМА БОЮНЧА:

WPS индекси: Кыргызстан аялдар үчүн кооптуу өлкө бойдон калууда

Зулушев: 2022-жылы аялдарга карата зордук-зомбулук боюнча 6580 кылмыш иши козголгон

«Аны баары бир өлтүрмөкмүн». Кыргызстандагы фемицид тууралуу «Клооптун» изилдөөсү