Мамлекеттин жерин сатууга аракет кылган деген шек менен «Кадастрдын» экс-башчысы кармалды 

УКМКнын кызматкерлери Орто-Сай айылында мамлекеттин карамагында турган 3 гектар жерди 1,2 млн долларга сатууга аракет кылган «Кадастрдын» мурдагы башчысын кармашты.   

УКМК 1,2 млн долларга жер сатууга аракеттенген деген шек менен «Кадастрдын» экс-башчысын кармады.

Коопсуздук комитетинин маалыматына ылайык, 2023-жылдын март айында экс-чиновник Ж.О.С. аттуу жаранга 1 млн 200 миң АКШ долларына жер тилкесин сатып алууну сунуштаган. «Кадастрдын» мурдагы жетекчиси 20-ноябрда 10 миң доллар өлчөмүндөгү акча каражатын кайтарып берүү учурунда кармалган. 

Экс-чиновник убактылуу кармоочу жайга киргизилди, ал кызмат абалын пайдалануу менен алдамчылык аракеттерди жасоого шектелип жатат.