Сот Теңгиз Бөлтүрүккө «Кумтөрдөгү» коррупция иши боюнча 800 миң сомдук айып пул салды

Бишкектин Биринчи май райондук соту «Кумтөрдүн» мурдагы тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүккө өкүм чыгарды. Бул тууралуу соттун басма сөз кызматы 21-ноябрда билдирди. 

Соттун чечими менен Бөлтүрүк «Ачык соода-сатыктарды, аукциондорду же тендерлерди өткөрүүнүн тартибин бузуу» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылды. Ошондой эле соттон Бөлтүрүккө 800 миң сом айып пул төлөө жазасы берилгенин билдиришти.

Сот Бөлтүрүктүн эч жакка чыкпоо тил катын жокко чыгарып, анын Оптимадагы эсеби камактан чыкты.

«Өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин Башкы прокуратура алуучу болуп саналган төлөм тапшырмасынын негизинде Финансы министрлигинин Борбордук казначылыгына кетирилген зыяндын ордун толтуруу катары төлөнгөн 10 млн сом акча каражатын — жабырлануучу “Кумтор Голд Компани” ЖАКка өткөрүп берүү», — деп айтылат соттун өкүмүндө. 

Райондук сот кошумчалагандай, сотко чейинки өндүрүш учурунда прокурор менен айыпталуучунун ортосунда күнөөнү мойнуна алуу боюнча процессуалдык макулдашуу түзүлгөн.

«Сот күнөөнү мойнуна алуу боюнча келишим түзүлгөндө жана материалдык зыяндын ордун толук толтурганда адам күнөөлүү деп табылган беренеге ылайык жазанын минималдуу өлчөмүнүн негизинде эркинен ажыратуу менен байланышпаган жаза берет», — деп түшүндүрүштү соттон.

«Кумтөр» жана Бөлтүрүктүн камакка алынышы

Теңгиз Бөлтүрүк «Кумтөр Голд Компанини» 2021-жылдын 17-майынан тарта жетектеген — дал ушул күнү бийлик кенге сырткы башкаруу киргизген. 2022-жылдын 24-августунда минкаб Бөлтүрүк «Кумтөрдүн» тышкы башкаруучусу кызматынан четтетилгенин кабарлаган. Бул Эсептөө палатасы кендин ишинде каржылык бузууларды аныктагандан кийин болгон.

Бөлтүрүк 2022-жылдын сентябрында кармалган. Бул Башкы прокуратура кендин ишин текшерүүнүн жыйынтыгы менен үч кылмыш ишин козгогондон кийин болгон. Тергөөнүн версиясы боюнча, компания мамлекетке 1 млрд доллардан ашык зыян келтирген. 

Бөлтүрүк менен кошо камсыздоо боюнча адис Айша-Гүл Фронтбек кызы Жаналиева, каржы башкармалыгынын башчысы Рыспек Токтогулов жана компаниянын аткаруучу директору Канат Курманов кармалган.

Март айынын ортосунда башкы прокурордун орун басары Үмүткан Конкубаева «Кумтөрдөгү» коррупция иши боюнча кармалгандар жалпы келтирилген 1 млрд 146 млн сом зыяндын 642 млн сомун төлөп беришкенин билдирген.

Бөлтүрүккө карата козголгон кылмыш иштин материалдары октябрдын аягында сотко берилген.