Башкы прокуратура: «Кумтөр» иши боюнча кармалгандардан 642 млн сом өндүрүлдү

«Кумтөрдөгү» коррупция иши боюнча кармалгандардан 642 млн сом өндүрүлдү. Бул тууралуу 16-мартта парламенттин «Кумтөр» боюнча депутаттык комиссиянын отчётун караган жыйында башкы прокурордун орун басары Үмүткан Конкубаева билдирди.

Анын айтымында, учурда төрт кылмыш иши иликтенип жатат, иш боюнча кармалгандар ТИЗОдо: «Кумтөр Голд Компанинин» мурдагы тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк, компаниянын финансылык башкармалыгынын директору Рысбек Токтогулов, КГКнын мурдагы аткаруучу директору Канат Курманов жана Руслан Енгалычев атуу дагы бир киши.

«Келтирилген зыян 1 млрд 146 млн сом, анын ичинен 56%ы, тактап айтканда, 642 млн сом азыркы учурда мамлекеттин пайдасына өндүрүлдү. [...] Бул каражат кылмыш иштери боюнча тергөөнүн жүрүшүндө өндүрүлдү», — деди ал.

Кармалгандар: Тенгиз Бөлтүрүк, Рысбек Токтогулов жана Канат Курманов.

Конкубаева кылмыш иштери боюнча жалпы тогуз киши шектүү деп саналып жатканын кошумчалады. Бирок ал калган беш шектүүнүн атын атаган жок.

Буга чейин президент Садыр Жапаров «Кумтөр» иши боюнча кармалгандар мамлекетке келтирилген зыянды калыбына келтириши керектигин, андан кийин соттор баш коргоо чарасын үй камагына өзгөртүүнү карашса болорун айткан.

Бул тууралуу Жапаров Тенгиз Бөлтүрүктүн өткөн жылдын сентябрынан бери ТИЗОдо кармалып турганы боюнча комментарий берип жатып айткан. 10-мартта Октябрь райондук соту Бөлтүрүктү үй камагына которуудан баш тартып, аны УКМКнын ТИЗОсунда кармоо мөөнөтүн 10-майга чейин узарткан. Бөлтүрүктүн жубайы Илмира Алпысбаева 13-мартта жолдошун бошотпой жатышканына байланыштуу ачкачылык жарыялаган.

16-мартта парламенттин жыйынында депутаттар алтын казып алуу, «Кумтөр Голд Компанинин» Кыргызстанга өткөндөн берки ишмердигин изилдеген убактылуу депутаттык комиссиянын корутундусун угушкан. Комиссия «Кыргызалтын» ААКысы жана Улуттук банкта алтын казууда, сатууда, сактоодо жана ташууда уурдоо, сатылган алтындын санын жана сапатын, наркын атайын бурмалоо фактылары жок деген жыйынтыкка келген.

Комиссиянын маалыматына ылайык, 2023-жылдын 23-январына карата алтындын кору 45 306,16 кг түзөт. Анын ичинде Улуттук банктта 43 944,13 кг алтын сакталып турат, ал эми калган 1 362 кг алтын Швейцариянын UBS AG коммерциялык банкында.

Депутаттык комиссия 19 тонна алтындын сатылышына байланыштуу ызы-чуудан кийин түзүлгөн. 2022-жылдын август айында кыргыз бийлиги 2021-жылы жалпы баасы 1,1 млрд сомду түзгөн 19 тонна алтындын сатылганы тууралуу маалыматты жашырып койгону белгилүү болгон. Президент Садыр Жапаров маалыматтын жашыруун экенин «коопсуздук максаты» менен түшүндүргөн.

Улуттук банктан алтын «Европа өлкөлөрүнүн бирине» сатылганын ырастап, 2021-жылы накталай доллар керек болуп, ал үчүн эл аралык резервдеги алтынды сатуу чечими кабыл алынган деп белгилешкен.

Анткен менен журналисттер алтын Швейцарияга сатылганын аныкташкан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Бийлик Швейцария Кыргызстандан 1,1 млрд долларга алтын сатып алганын жашырып койгон

Factcheck: Кыргыз бийлиги Швейцарияга кайрадан жашыруун алтын сатты