«Кумтөрдүн» жетекчилигине жана башкарма төрагалыгына жаңы башчылар келди

«Кумтор Голд Компанинин» (КГК) жетекчилик кызматына Алмаз Барыктабасов, ал эми башкармалыктын төрагалыгына Болотбек Идирисов дайындалды. Бул тууралуу маалыматты «Клооптун» кабарчысына компаниянын басма сөз кызматы тастыктады.

Барыктабасов КГКнын техникалык тейлөө бөлүмүн, ал эми Идирисов компаниянын башкы менеджери болуп келгени белгилүү.

Буга чейин Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы «Кумтөрдү» жетектеген Теңгиз Бөлтүрүк жана ишкананын финансылык директору Рыспек Токтогулов ээлеген кызматтарынан бошотулганын билдирген.

Минкабдан 2022-жылдын майында Эсептөө палатасы «Кумтөрдүн» ишин текшерип, кенден каржылык бузууларды аныктаганын маалымдаган. Ведомствонун маалыматына ылайык, Бөлтүрүк менен Токтогулов дал ушул себептен улам «Кумтөрдүн» жетекчилигинен бошотулуп, жаңы башчылар дайындалган.

Бирок өкмөттөн Бөлтүрүк «Улуу көчмөндөр мурасы» улуттук холдингинин жетекчиси бойдон кала берерин айтышкан.

«Башкы прокуратура, УКМК жана ИИМ Эсептөө палатасы менен биргеликте текшерүү иштерин баштады. Бүгүнкү күндө кенде алтын казуу иштеринде эч кандай көйгөйлөр жок. Жылдык план толугу менен аткарылат. Быйыл 17, 5 тонна алтын казылып алынат», — деп билдиришкен минкабдан.

Минкабдын маалыматына ылайык, Бөлтүрүк кендеги 2022-жылдын майындагы текшерүүдөн кийин кызматынан бошотулган. Анткен менен минкабдын башчысы Бөлтүрүктү «Кумтор Голд Компанинин» тышкы башкаруучу кызматынан алуу тууралуу буйругуна 2022-жылдын февралында эле кол койгон эле.

Ушул эле буйрук менен Жапаров Бөлтүрүк башкарган «Улуу Көчөмөндөрдүн мурасы» улуттук холдингин «Кумтөрдүн» убактылуу тышкы башкаруучусу кылып дайындаган. Ал эми «Улуу көчмөндөрдүн мурасы» холдингин Тенгиз Бөлтүрүк 15-февралдан тартып башкара баштаганы белгилүү болгон.

Жаңы улуттук холдинг компаниясы түзүлгөнү тууралуу 2021-жылдын 14-декабрында белгилүү болгон, анда Жапаров компания түзүү жөнүндө чечимге кол койгон. «Улуу көчмөндөрдүн мурасы» компаниясынын негиздөөчүсү — Каржы министрлиги.

Ал убакта минкабдан улуттук холдинг президенттин кен казуу тармагын реформалоо боюнча жарлыгынын негизинде түзүлгөнүн түшүндүрүшкөн. Холдинг Кыргызстандагы бардык стратегиялык кендерди бириктириши керек, аларды жергиликтүү мамлекеттик компаниялар гана иштетишет.