Өлкөдө 600 миңге жакын мектеп окуучусу ысык тамак менен камсыздалат

Кыргызстанда 600 миңге жакын окуучу ысык тамак менен мамлекеттик казынанын эсебинен камсыздалат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева 23-ноябрда Бишкекте өткөн КМШ өлкөлөрүнүн мектеп тамак-ашы боюнча биринчи форумунда билдирди

Министр мектеп тамак-аш программасынын негизги максаты — башталгыч класстардын окуучуларын ысык тамак менен камсыз кылуу экенин айтып, мектеп тамак-ашы сапаттуу билим алууга өбөлгө түзөрүн жана балдардын окууга болгон натыйжалуулугу жогоруларын кошумчалады. 

Иллюстративдик сүрөт. Дмитрий Рогулинге таандык.

Кендирбаева БУУнун «Мектептеги тамак-ашты оптималдаштыруу» программасына жана менюну иштеп чыгууга көмөктөшкөнүн белгиледи.

2022-жылы эле Финансы министрлиги 2023-жылы окуучулардын тамак-ашына көбүрөөк акча бөлүү пландалып жатканын айткан болчу. Ал эми быйыл март айында министрликтен бюджетте акча жоктугуна байланыштуу окуучулардын тамак-ашына делген чыгымды 20 сомго чейин көтөрүүгө мүмкүн эмес экенин билдирген

Өткөн жылдын февралында Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова мектеп окуучуларынын тамагына деп бөлүнгөн акча жетпей жатканын айтып даттанган. Анын айтымында, шаарларда ар бир окуучуга 7 сомдон ал эми аймактарда 10 сомдон бөлүнөт.

Андан сырткары, буга чейин башталгыч класстын окуучуларынын ысык тамагына бөлүнгөн акча келерки жылы 14 сомго көбөйтүлөрү күтүлүп жатканы маалым болгон.

ТЕМА БОЮНЧА:

Финансы министрлиги: Быйыл окуучулардын тамак-ашына делген акчаны көбөйтө албайбыз