УКМК: Президенттин Баткендеги өкүлүнүн кеңешчиси 200 миң доллар пара алууга шектелип кармалды

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кеңешчиси көмүр казуучу ишкананын башкы директорунан 200 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу 24-ноябрда УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, облус башчысынын кеңешчиси эки тургун менен сүйлөшүп алып, кызмат абалынан пайдаланып, ишкердик субъектинин ишмердигине «тоскоолдук жаратам» деп коркутуу менен көмүр казуучу ишкананын директорунан 200 миң доллар акча каражатын опузалаган.

Кылмышка шектүү 23-ноябрда колго түшүп, «Опузалап талап кылуу» беренесинин негизинде кылмыш иши козголду. Учурда тергөө иштери уланууда.

Атайын кызмат шектүүнүн аты-жөнүн ачыктаган жок. Бирок анын инициалы 2020-жылы Жогорку Кеңештин депутаттыгына «Мекенчил» партиясынын атынан ат салышып, учурда Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кеңешчиси болуп эмгектенген 37 жаштагы Талантбек Мамытовдун аты-жөнүнө дал келет.

ТЕМА БОЮНЧА:

УКМК: Соода-өнөр жай палатасынын Баткен жана Оштогу жетекчилери кармалды