Соодагерлерди салыктык текшерүүгө жарым жылдык мораторий кирди — аларга айып салынбайт

Кыргызстанда 2024-жылдын биринчи алты айында соода-сатык менен алектенген ишкерлерди текшерүүгө жана аларга айып пул салууга тыюу салынат. Бул тууралуу Салык кызматынын төрагасынын орун басары Исламбек Кыдыргычовго таянып «Азаттык» жазды

Анын айтымында, мындай чечим бир канча шаарларда соодагерлер митингдерге чыккандан кийин президент Садыр Жапаровдун чечими менен түзүлгөн иш комиссиясынын жыйынында кабыл алынган. Аткаминер мораторий 2024-жылдын 1-январынан тартып, соода-сатык ишмердиги үчүн патенттерди жоюу ченеми менен кошо күчүнө кирерин билдирди.

Ошто 1-декабрда ККМге каршы өткөн митинг. Сүрөт: Даткабек Шабданбек уулу / «Азаттык». 

Кыдыргычов «жарым жыл түшүндүрүү иштери гана жүргүзүлөрүн, эл жаңы системага көнүп, үйрөнгүчө эч кандай айып пул салынбай турганын» айтты.

«Биринчиден бүт отчёттор жокко чыгарылат. Бухгалтерди алыштын эч кандай кереги жок. Ошондой эле кайсы бир товар келгенин көрсөтүү үчүн [телефондон] баскычты эки жолу гана басуу жетиштүү болгон тирмеке болот. Текшерүү да болбойт. Жогорку жетекчилер бул убакытта жетишпесе, мораторий дагы узартыларын айтып жатат. Бул базарларда жана жалпы эле соода тармагында иштегендерге тиешелүү», — деди ал. 

Кыдыргычев 30 миң ККМ аппаратын сатып алууга жана аларды ишкерлерге бекер таратылып берүү боюнча дагы тапшырма берилгенин кошумчалады.  

29-ноябрдан бери өлкөдөгү бир катар ири базардын ишкерлери ККМ орнотууга каршы нааразычылык акцияларына чыгышууда. Митингге Бишкек, Ош, Каракол, Талас, Токмок жана Кара-Балта шаарларынын ишкерлери чыгып жатат

Соодагерлердин башкы талабы — алар учурда иштеп жаткан патент системасын калтыруу, салык салуунун жаңы шарттарын, анын ичинде көзөмөл-кассалык машиналарды (ККМ) милдеттүү колдонуу талабын алып салуу.

Дагы окуңуз: ККМге каршы митингге өлкөнүн бир катар аймактарындагы ишкерлер дагы кошулду

Башкы беттеги сүрөт: Дастан Үмөтбай уулу / «Азаттык».