ККМге каршы митинг: Ташиев жарандарды «ар кандай чагымдарга алдырбоого» чакырды

УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев өлкөнүн бир нече шаарындагы базарларда иштеген соодагерлердин митингдерине байланыштуу комментарий берди. Ал УКМКнын Чүй облусуна караштуу Аламүдүн райондук бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылышында жарандарды «ар кандай чагымдарга алдырбоого» чакырды.  

Ал эми «чагымчылардын» өзүнөн, УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, Ташиев «социалдык-экономикалык маселелерди саясий өңүткө айлантпоону» талап кылды.  

Ошондой эле УКМКнын башчысы «өлкөдөгү соода-сатык комлекстерине ээ адамдар бул иштен эбегейсиз пайда көргөн республиканын эң бай адамдары экенин» билдирди. 

«Бирок соодагерлер чоң сумма төлөп жатканына карабастан, базарлардын көбүндө эң жөнөкөй шарттар түзүлгөн эмес. Буга байланыштуу, соодагерлердин ишин жеңилдетүү максатында, базарлардын ээлери биринчи кезекте ижара акыны жок эле дегенде эки эсе азайтышы керек», — деди ал, чакан ишкерлер көзөмөл-кассалык машиналар (ККМ) менен камсыздаларын кошумчап.

Буга чейин ушундай эле билдирүүнү президент Садыр Жапаров да жасаган. Ал «Дордой» базарынын соодагерлери менен жолугушууда «соодагерлерди курал катары колдонгон» 3-4 топ бар деп билдирген. Анын айтымында, алар «кырдаалдан пайдаланып, төңкөрүш кылууну» көздөгөн. Жапаров «бийликте бардык маалымат бар экенин» белгилеп, бирок мындайга ким даярдык көргөнүн ачыктаган эмес. 

Өлкөдөгү бир катар ири базардын ишкерлери 29-ноябрдан тартып дээрлик күн сайын ККМ орнотууга каршы нааразычылык акцияларына чыга башташкан. Митингдерге Бишкек, Ош, Каракол, Талас, Токмок жана Кара-Балта шаарларынын ишкерлери чыгышууда

Соодагерлердин башкы талабы — алар учурда иштеп жаткан патент системасын калтыруу, салык салуунун жаңы шарттарын, анын ичинде көзөмөл-кассалык машиналарды (ККМ) милдеттүү колдонуу талабын алып салуу.

Президент «Дордой» базарынын соодагерлери менен жолугушууда соода-сатык ишмердиги үчүн патент системасын 2024-жылдын 1-июлуна чейин узартууну убадалаган. Соода-сатык үчүн патенттер 2024-жылдын 1-январынан тарта токтотулушу керек болчу.