«Үй сатып албай тургула». Ош шаарында мыйзамсыз курулган имараттардын тизмеси жарыяланды

Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги 14-декабрда Ош шаарындагы мыйзамсыз курулган 17 көп кабаттуу үйдүн тизмесин жарыялады.

Маалыматка ылайык, Оштогу курулуш компаниялары аталган көп кабаттуу үйлөрдү уруксат кагазы жок эле өзүм билемдик менен куруп алган.

Мекемеден бул боюнча соттук териштирүү иштери аяктаганга чейин тургундарды аталган объектилерден үй сатып албай турууну сунушташты.

Мыйзамсыз курулган имараттар:

  • Сүйүнбаева көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Дастан Курулуш» компаниясы курап жаткан көп кабаттуу турак уй;
  • Ленинабад №8 дарегинде курулуп жаткан көп кабаттуу үй;
  • Кулатов кичи району, №18-1 дарегинде курулуп жаткан көп кабаттуу үй;
  • Навои №10 дарегиндеги курулуп жаткан көп кабаттуу турак жай;
  • Матисаков №226 дарегиндеги курулуп жаткан  көп кабаттуу турак үй;
  • Ленин №349 дарегиндеги курулуп жаткан көп кабаттуу турак үй;
  • Ленин №351 дарегинде курулуп жаткан көп кабаттуу турак жай;
  • Шакиров көчөсү №22 дарегинде курулуп жаткан көп кабаттуу үй;
  • Монуева көчөсүндө «Аль-Шараф» компаниясы куруп жаткан көп кабаттуу турак үй;
  • Тилеке Баатыр №2 дарегинде курулуп жаткан көп каттуу турак үй;
  • Гастелло көчөсүнүн №1,3 дарегиндеги көп кабаттуу турак үй;
  • Алиев көчөсүнүн № 99, 101 дарегиндеги курулап жаткан көп кабаттуу турак жай;
  • Төлөнов №8/4, №8/18 дарегиндеги көп кабаттуу турак үйдүн курулушу;
  • Ашимахунов № 26  дарегиндеги курулуп жаткан көп кабаттуу турак үй;
  • Масалиев № 64 дарегиндеги көп кабатуу турак жай;
  • Шакиров №6 дарегиндеги көп кабаттуу турак жай;
  • Курманжан датка №420/2 дарегиндеги көп кабаттуу турак жай.

Буга чейин Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги Бишкектеги мыйзамсыз курулган 38 объектинин тизмесин жарыялаган.